Домой Саясат Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткени айтылууда

Эркин Сопоков Түркиядан чыгып кеткени айтылууда

50

Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу иштен алынган Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков Туркиядан чыгып кеткени айтылууда. Мындан улам, КРнын тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, УКМК жана ТИМ өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлүп, Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Стамбул шаарына барганы турушат.

Эске салсак, жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон. 11 -ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы  башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Булак: Фабула