Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы болуп иштеген Эркин Мамбеталиев Кыргызстандын чек арачыларына эки жол тандабас унааларын эч кандай саясаты жок, жөн эле белекке берген. Чек арачыларга берилген автоунаалар тууралуу коомчулукта учурда кызуу талкууланып жаткан окуя боюнча Мамбеталиев өзү Vesti.kg сайтына берген маегинде ушинтип түшүндүрдү.
– Бул идеяда эч кандай саясий түрткү болгон эмес, – деп белгиледи ал. – Мен аскер адамымын. Мурдагы аскер кишилери болбойт деп коет го. Бүтүндөй өмүрүмдү мекеним үчүн иштөөгө арнадым. Кымбат баалуу брондолгон машинелерди Тажикстан менен чек арага алып баруу идеясы кайдан чыгып калды? Мен иш сапарынан келгем. Ошол маалда чек арада абал абдан чыңалып турган. Интернеттен ал жерде атышуу болуп жатканын окудум. ЖМКлар өз ишине билек түрө киришкен болчу. Маалыматтык согуш башталды. Жабыркандар болду. Эки тараптан тең. Кыргызстан дуушар болгон ар бий көйгөйдү мен жүрөгүм менен кабыл алам. Балким бул туура эместир. Учуп келип, кырдаалды көргөн соң биринчи келген ой «Кантип жардам бере алам?» болду.
Ошондой эле, Мамбеталиев жол тандабастарды кандайча жол менен алганын дагы айтып берди.
– Унааларды мен Россиядан 2012-жылы эле алып келгем, – деп эстеди ал. – Мен аларды эч кимден тартып же уурдап алган жокмун. Ар бир машинени ошол маалда 62 миң евродон алгам. Досум экөөбүз акча табалык деп ойлогонбуз, жашырганда эмне. Анда бул унаалар кымбат турчу. Бизге бул жол тандабастардын ордуна батирлерди, андан башкаларын да сунушташкан. Бирок, алар ошол бойдон турган. Чек арадагы абалды көргөндө мен досума чалып: «Кел, бул жол тандабастарды чек арачыларга беребиз? Биз өзүбүз аскербиз го» дедим. Досум баш тарткан жок, унаалар ушул саатты күтүп турган го, сыягы .
Мындан сырткары, маектешибиз чек арачыларга пиар үчүн колдоо көрсөтпөгөнүн баса белгиледи.
– Машинелер ак түстө болчу, – деп сөзүн улантты Мамбеталиев. -Мен унаалар түз багытта гана колдонулуп, кийин бир аткаминердин короосунда токтоп калбасын деп, коопсуздук максатында аларды хаки түсүнө кайра боетууну сурандым. Пиар кылайын десем, камералар менен кишилерди чакырып, белекти расмий түрдө берет элем да. Биз ал жакка баргыча 1.5 тонна күйүүчү май короттук. Бир унаанын салмагы 5 тоннадай.
Жол тандабастар брондолгон – B7. СВД броня тешүүчү окторду көтөрөт. Асты менен дөңгөлөктөрү да брондолгон. Эгерде дөңгөлөктөрүн тешип кетсе, ичинде атайын компрессор бар, ал дөңгөлөктү 5 пробоинага чейин өзү толтуруп, 15 км чейин дагы айдап барса болот. Чек арачыларга бул кандай соот элестетип көргүлө. Ушул үчүн эле жаралгандай. Менде ал турган лаборатиялык сыноолор дагы бар.
Муну менен бирге Эркин Мамбеталиев коомчулуктун учу-кыйырсыз фантазияларына таң калганын жашырган жок.
– Мен Чек ара кызматына болгону бул унааларды тапшырып коюшум керек эле, – деп кайталады ал. – Анан саясат башталды. Кээ бирлер мени күч органдарынын көздөрүнө «көрүнүп», ал жерге наркотрафик орнотууну каалаганымды жазып жиберишти. Ушундай кантип болсун эми? Көрсө элдин фантазиясы өтө терең экен. Туура, ошол маалда чек арачы жок болуп калды. Биз шашып жатканыбызды айттым. Чай да ичкен жокпуз. Балдарга чек арачыларга унааларды өткөрүп берүү керектигин айттым. Мени чайга чакырган адам, түшүнгөнүм боюнча – ички аскерлердин командачысы экен.
Сөзүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы эгерде чек арачылар коомчулуктун кысымы менен унааларды кайтарып бергенге аргасыз болсо – аларды кайра алууга даяр экенин кошумчалады.
– Жарасы жеңил, башкаларга белек кылып берип коем, – деди Мамбеталиев. – Эгерде өздөрү кайтарса, мейли. Бирок, мен өзүм кайра алышым арам болуп калат. Унааларды алгандан намыстанбай, кубанып алчулар чыгат деп ойлойм. Бул жерге саясатты кошуунун кереги жок болчу.
Эске салсак, Эркин Мамбеталиев 90-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Коопсуздук кызматында эмгектенген. 2008-жылы, Курманбек Бакиевдин башкаруу маалында сот Мамбеталиевди бир нече адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Бийлик алмашкандан соң, 2010-жылы Эркин Мамбеталиев мунапыс менен эркиндикке чыккан. Анын иши «жаңы ачылган жагдайларга» байланыштуу кайра каралган.
Булак: VESTI.KG