Кыргызстандын Социалдык фонду лицензия алып иштеген физикалык жактарга камсыздандыруу төлөмүнүн жаңы тарифин сунуштоодо. Жаңы тариф боюнча өз алдынча иштеген адамдар алынган гонорарынын 21 эмес, 10 пайызын салыкка төгүшөт. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.»Эркин кесиптин ээлери: жазуучулар, журналисттер, сүрөтчүлөр, артисттер, философ жана адвокаттардын гонорары 100-200 сомду гана түзөт. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн көлөмү гонорардан бир нече эсе көп», — деп айтылат мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде.