Канададагы британиялык университеттин психологдоруна таянып түгөйүнүн жыты аялдар кабылган стресстин күчүн басаңдата турганын бир катар ЖМКлар жазып жазып чыгышты. Маалыматта: изилдөөгө 96 жуп катышканын, эркектерге таза көйнөк берилип, аны 24 саат чечпей жүрүү тапшырмасы берилгендиги айтылат. Бул мезгилдин ичинде дезодорант, атыр себинүүгө жана тамеки тартууга тыюу салынып, бир суткадан кийин кийин көйнөктөгү жыт сакталып турушу үчүн тоңдурулган.
Баары даярдалган соӊ экспериментке катышкан аялдар бейтааныш же өздөрүнүн түгөйлөрү кийип жүргөн көйнөктөрдү искеп стресс-тесттен өтүшкөн. Алар жумушка кирүү алдындагы аңгемелешүүгө катышып, математикалык маселелерди чыгарышкан. Ошондой эле маанайга байланыштуу суроолорго жооп берип, анализге тапшырышкан. Натыйжасында: түгөйүнүн жытын жыттаган аялдар өздөрүн жакшы сезип, организминдеги кортизолдун деңгээли төмөн экени аныкталган. Ушул эле изилдөөдө бейтааныш эркектердин көйнөгүн жыттаган аялдар стресске көбүрөөк түшкөнү билинген. Бул маселеде аялдардын күйөөлөрүнө болгон сезимдери, берилгендиги да ачыкталып, жагымдуу изилдөөлөрдүн бири болгон.
Изилдөөлөр боюнча адамдын 18 жаш курагындагы салмак идеалдуу болуп эсептелет. Бирок ал салмакты өмүр бою сактап калуу кыйынга турат. Көпчүлүк адамдар семирип кетишет. Жашоонун ар бир он жылынан кийин организмде энерготраттар болжол менен он пайызга азаят. Орточо эсеп менен дээрлик адамдардын басымдуусу ар бир он жылда биз болжол менен 5-7 килограмм салмак кошот. Бирок дароо, кескин арыктоо аракеттерин да абалап, өз эрежелери менен ишке ашыруу зарыл.
Идеалдуу салмак аялдар үчүн:
Бою 147 см-салмагы 44-49 килограмм
Бою 150 см-салмагы 45-50 килограмм
Бою 152 см-салмагы 46-51 килограмм
Бою 155 см-салмагы 47-53 килограмм
Бою 157 см-салмагы 49-54 килограмм
Бою 160 см-салмагы 50-56 килограмм
Бою 162 см-салмагы 51-57 килограмм
Бою 165 см-салмагы 53-59 килограмм
Бою 168-салмагы 55-61 килограмм
Бою 170-салмагы 56-63 килограмм
Бою 173-салмагы 58-65 килограмм
Бою 175-салмагы 60-67 килограмм
Бою 178-салмагы 62-69 килограмм
Бою 180-салмагы 64-71 килограмм
Бою 183-салмагы 66-72 килограмм
Булак: Чагылган