Арийне, буга көп маани бербейбиз, бирок сексуалдык дарамет түздөн-түз организмдин жалпы абалынан көз каранды. Эгер ден -соолугу жайында болсо, анда эркекти сүйүктүү кылган, толкунданткан сезим тартуулаган мүчөсү да «иштен» чыкпайт. Ар бир эркекти ойлондурган суроо – канткенде сексуалдуу-келбеттүү көрүнөм жана жылдар өтсө да дарамет күчтү кантип сактаса болот? Бул аракетте жаштар селкилердин көңүл борборунда болуш үчүн спортко ыктайт, жашоодон ордун таап калгандар таблеткаларды иликтей баштайт, а элүүдөн өткөндөр табият мыйзамы ушундай деп тагдырга моюн сунат деп айтылат илимий изилдөөлөрдүн, бир катар сурамжылоонун жыйынтыгында. Чынында эркектин дараметин сактай турган кандай жол болушу мүмкүн? Жобу да жөнөкөй: зыяндуу адаттардан арылуу жана туура тамактануу тартибин колдоо керек. Зыяндуу адат боюнча айтсак, албетте, эрки күчтүү адам ичимдик менен тамекини таштай алат. Макаланын максаты – организмге пайдалуу жана эркектин бел күчүнүн кубатын арттыра турган азыктар тууралуу кабардар кылуу. Маслен, кечинде жумуштан келип, куурулган картошка же котлет жеген күнү төшөктө жеңишке жетишпейт экен. Ырас кээ бир азык эч кандай таасир этпейт, экинчи бири абалды жакшыртса, үчүнчү тизмедегилер тескерисинче алсыздантышы ыктымал. Эмесе, сөз ирети менен болсун.
https://www.youtube.com/watch?v=6W1OZlNbwiI&t=410s
Эт менен балык
Эксперттер белгилегендей, потенцияны жогорулатуучу азыктардын көч башында эт менен балык турат. Белоктуу болгон үчүн тестостерондун бөлүнүп чыгышында маанилүү роль ойнойт. Жашыруун эмес, азыр малды бат семиртүү үчүн гормон беришет. Эт дүкөндөрүндөгү эттин 90 пайызында гормон бар, бул коммерциялык сыр эбак эле белгилүү болгон. Кой менен балыкка бере алышпайт экен. Эт десе колбаса же котлет менен алмаштырбаңыз, күн алыс кайнатылган кара кесек эт жеш керек. Балыктын да камбала жана скумбрия деген түрү пайдалуу.
Ошондой эле, кызыл же кара икра потенциянын эң күчтүү стимулятору деп бааланат.
Быштак, каймак жана жумуртка
Сүт азыктарынын курамында белок көп болгондуктан эркектин күчүн арттырууда жардам болот. Айрыкча быштак менен каймак. Ал эми йогурт термикалык процессте даярдалгандыктан пайдалуу каражаттардын саны азая түшөт да анчалык деле керектүү эмес. Эл арасында бөдөнөнүн жумурткасынын тийгизген таасири тууралуу аңыз кептер айтылат. Туура, пайдалуу микроэлементтер, А,Е, В6 витамини бар үчүн бөдөнөнүн жана тооктун жумурткасы эркектин көп жеген тамагы болууга тийиш.
Жаңгактын жардамы жакшы
Жаңгакты эркектин күчүн арттырган бирден-бир «тез жардам» деп аташат. Жер жаңгак, миндаль, фундук, фисташки же жаңгакта өсүмдүк белогу жана потенция үчүн эңмаанилүү Е витамини бар.
Өсүмдүк майлардын ичинен эркектин дараметине күч кошкону – зайтун жана жаңгак майы.
Көк-сактарды көп жеңиз
Жашылча жана көк-сөктөрдүн курамында урук бездеринин ишин активдештирген, жалпы эле иммунитетти жогорулаткан витамин жана микроэлементтер көп санда кездешет. Айрыкча, капуста, сабиз, петрушка, сельдерей, редиска, кызыл калемпир бой жеткен мырзалардын тамагында күнүгө болсо да көптүк кылбайт.
Дарылык касиети даңазаланган жалбыз, сары чай чөп же чабрецтен даярдалган кайнатма пайдалуу. Алма, курма жана апельсин да эркектердин бел күчүнүн кубаттуу болушуна энергия кошо турган мөмө болуп эсептелет.
Таттууга талгак болбоңуз
Глюкоза маанилүү компонент. Ал сперматозоиддердин кыймылдуулугун шарттайт. Ошондуктан эркектер да таттуу жегиси келет. Чынында таттууга чектөө бар. Анын ордуна таттуу мөмө, крахмалга бай картошка жесе болот, бирок кумшекер эмес.
Уктаардан 2-3 саат мурда желген 100 грамм кургатылган как же бир чыны сүткө кайнатылган какао, бир сындырым кара шоколад сүйүү сезимин ойготот.
Чесноктун касиети
Чеснок менен пияз дараметти арттырган таблеткадай эле таасир этет. Ал тургай сырын билгендер чесноктон атайын каражат даярдап алып ичишет. Үч литрлик банкага майда тууралган бир килограмм чеснокту салып, үстүнөн мойнуна чейин кайнак суу куюп, эки жума караўгы, муздак жерде тыныктырылат. Күндө аралаштырып туруу зарыл. Убактысы келгенде чыпкалап, муздаткычта сакталат. Жатардан жарым саат мурда бир стакан сүткө бир аш кашык чеснок тундурмасын кошуп ичилет.
Банка бошоп калганча дайыма бирдей убакытта кабыл алса жыйынтыгы байкалат. Мындай терапияны жылына бир жолу аткарса жакшы. Бул ыкма эркекке күч болот, кан тамыларды тазалайт, узак өмүрдүн өбөлгөсү деп сунушталат.
Баарынан жакшысы балбы?
Эң керектүү жана пайдалуу каражаттардын бири – бал. Жаңгактын кайсы түрү болбосун 100 грамм өлчөп алып, майдалап ага жарымынчалык бал аралаштырып, бир нече аш кашыктан уктаардан жарым саат мурда жегенди адат кылса ай өтпөй төшөк оюну кызыктуу жана узак боло баштайт. Кэде жаңгакты чагылган семичке же кунжут менен алмаштырып түрдүүлөп турса да болот.
Табылбаган — асыл азык
Бул каражат оңой менен табылбайт. Ал — төөнүн карды. Ар бир катнаштан мурда буурчактын өлчөмүндөй жеп койсо эле жетиштүү экен.
Бел кубатын — бечел кылчу азыктар
Өндүрүштө иштетилген эт азыктары, айталы колбаса же жарым фабрикаттарды көп колдонгондо гормоналдык баланс бузулат. Кофени көп ичкенде курамындагы кофеин эркин тестостеронду өлтүрүп, жыйынтыгында аялдык гормондун деңгээли көбөйөт.
Нандын түрлөрү, булочка, таттуу печеньелер зыян алып келет, анткени аларда тестостеронду азайткан кислота, кумшекер бар. Туз организмдеги суу балансын жөнгө салу үчүн зарыл, бирок, ашыкча колдонгондо натрий көбөйүп кетип жыныс гормондун бөлүнүп чыгышына терс таасир этет.
Фаст-фуд же тез даярдалуучу азыктар байкалбай эле эркектин гормону тестостерондун бөлүнүп чыгышын азайтат.
Баңгизат, ичимдик жана табелткалар
Баңгизаттын эң начары – марихуана кандагы эркектик гормонду кескин азайтат жана хромосомаларды жабыркатып, жыйынтыгында баласы генетикалык мутация менен төрөлүшү ыктымал. Тынчтандыруучу, уйку чакыруучу, ашказандагы жараны айыктыруучу таблеткалар импотенциянын себеби болушу мүмкүн. Ичимдик урук бези үчүн уудан кем эмес таасир берет. Баш жазмайын жүрө албай калган эркекте тестостерондун деңгээли 15-20 сааттын ичинде 20 пайызга азаят, анан калса градустан жабыркаган аталык клеткалар калыбына келбейт.
Чылымдын курамындагы никотин кан тамырларды кургатып жибергени үчүн зыяндуу, ошол эле убакта жыныс органдарында да кан айлануу начарлайт.
Эркектин бел күчүнө олуттуу сокку урган азык – пиво. Эгер ал ичимдикке кошулган болсо, анда курамында аялдык гормон фитоэстроген болот. Байкасаңыз, пивону сүйүүчүлөр толгондо аялга окшош салмак кошот экен. Негизи, бир кружка зыянсыз деп айтылат, бирок, ким биринчи менен токтото алат ? Кеп ушунда эмеспи…
Эркектер үчүн эмес
Майлуу нак сүттүн курамында табигый эстраген бар, демек, уйдун сүтү бала менен аялга пайдалуу, эркектер үчүн эмес. Жакшы көргөндөр, сүт ич деген диета болсо күнүнө бир литрге жетпеген каймагы калпынган сүт ичкенге болот.
Даярдаган: Айгүл Акылбекова