Домой Саясат Еркеевдин аракети бараандуу

Еркеевдин аракети бараандуу

62

orlistat usa. 289323_g

Илгери Кара-Көлдү жаш энергетиктердин шаары деп коюшчу. Анткени Токтогул ГЭСин ушул шаардын азаматтары ишке салып Кыргызстанды жарык менен камсыздап турушат. Быйыл суунун запасы ашыгы менен топтолуп элдин маанайы жаркып турган кези. Шаардын көркү ачылып, тургундардын маанайы сергек.

Ал эми шаардын мэри Ильяз Еркеев болсо улам жаӊы ачылыштары менен жердештерине кадыры артууда. Көчөлөрдү иретке салып, кечкисин жарыктандырып, тазалыкты кармап, көптөгөн социалдык маселелерди оӊ тарабына чечүүгө жетишти. Оболу шаардык кеӊештин депутаттары менен тыгыз иштешип, талылуу маселелерди биргелешип чечүүгө көӊүл бурат. Мурдагы мэр тил табалбай кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Айтор, экинчи жолу ишенимге татыган мэрдин аракети көз жаздымда калган жок. Көрсө, иштин майын чыгарган адам барктуу болот экен.