Домой Коом Эргешов: Теңирчиликти каттоо дин аралык кастыкка чакырат

Эргешов: Теңирчиликти каттоо дин аралык кастыкка чакырат

21

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” берүүсүндөгү талкууда атайын комиссиянын “теңирчиликти дин катары каттоо дин аралык кастыкка чакырат” деген жыйынтык чыгарганын билдирди.

– 2017-жылы 7-мартта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен комплекстүү экспертиза дайындалган. Анда Улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Ички иштер министрлиги сыяктуу мамлекеттик органдардан экспертизалар келген. Ошолордун жыйынтыгынын негизинде аларды каттоодон баш тарттык. Себеби, коомдук коопсуздук, диний аралык кастыкты чакырат деген маселе келип чыккан, – деди Эргешов.

Өздөрүн “теңирчилербиз” деген өкүлдөрү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан уюм катары каттап берүүнү маал-маалы менен суранып жатат. Расмий каттоо аркылуу алар өз ишенимдерин кеңири жайылтыкысы келерин айтышат.

Булак: Азаттык