Кара кыздын агынан эмес багынан дегендей, ушул экономика министри кызматына оңдуу бир кадр келбей койду. Азыркы министр Санжар Муканбетов бир карасаң, тажрыйбалуу, мамлекеттик кызматта бир топ жылдан бери жүрөт. Бирок өлкө экономикасын көтөрүп, оңдуу бир жылыш көрсөтө албай отурганы өкүндүрөт. Бийлик деле мындай жооптуу кызматтарга ишеним арткан адамын гана алып келери бышык эмеспи.
Анткен менен алган айлыгын иши менен актабай жаткандардын ордуна иштей турганы келсе, өкмөттүн да аброюна шек келбес беле деген ойго келесиң. Көмүскө экономика менен “көмүскө күрөшкөн” мындай чабал кадр баягы “ашка жүк, башка жүк” дегендей эле болуп турат. Болбосо, кезегинде вице-премьерликке чейин жеткен мамлекеттик жетекчи, республиканын экономикасын өргө чыгара албай бушайман. Эми Муканбетов эси барда экономиканы өнүктүрүү нугуна түшпөсө, анын бул эптемей эмгеги ээрден шыпырып түшүүсү толук мүмкүн.