Урматтуу Aryba.kg сайты, сиздер жан дүйнө, тагдырлар жөнүндө көп жазасыздар. Менин да куш тилиндей датымды чыгарып коесуздарбы? Мага окшогон адамдар көп эле болсо керек…
Өзүм таластык болом. 36 жаштамын. 4 балам бар. Мектепте 5 жыл мугалим болуп иштедим, жарыбаган айлык. Анан курулушка кетип калгам. Бул жагы деле эптемей жашоо… Жакында вирусу башталып, үйгө жатууга туура келди. Уруш көбөйө баштады. Катын наалып, “эт түгөндү, май жок, ачка өлөбүзбү?” деп кулактын кужурун алат. Эптеп балдардын курсагын тойгузуш керек. Карызга досумдан акча сурап, бир жумага жетерлик азык-түлүк алдым. Түгөнсө кантем? Ар кандай ойлор келет… 2010-жылы төңкөрүштөн кийин бутка туруп, участок алып, 3 бөлмө үй салып алдым эле. Же эми заман өзгөрбөйт…
Катын менен жөн эле чай ичип отуруп деле айтыша кетчү болдук. Чатак ырбап баратат. Тили уу. Балдар болгону үчүн гана сабыр кылам, а болбосо көкала койдой союп, тепкилечү эле неме да! Үйлөнгөндөн бери эртеден кечке жумушта жүрүп, ушунчалык ажаан менен жашап жүргөнүмдү билбептирмин. Көзүм ачылды. Бир жумада чыныгы жүзүн көрдүм. Энеңди… Карантин бүтсүн, ажырашам! Негизи тынч жашоо керек экен… Түңүлдүм! “Катын жолдо, бала белде” деген накыл кепке таянам…
Бектур
Булак: Aryba.kg