Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мыйзамсыз менчиктелген жерлери кайра мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Мамлекеттин менчигине өткөн жерлердин баасы 58 млн 150 миң сомду түзөт.
Ленин райондук прокуратурасы тергеп жаткан кылмыш иштин алкагында 2007-жылы Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жер жөнүндө мыйзамдардын талаптарын одоно түрдө бузуп, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна таандык жер тилкелерин турак жай куруу үчүн жеке менчикке беришкени аныкталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жер алган жарандардын документтери жокко чыгарылып, мыйзамсыз берилген жерлер мамлекеттин карамагына кайтарылды.