Биримдикчилерди колдоого 7 себеп:
- Бардык жакшы нерселер биригүүдөн куралат, түзүлөт, уланат. Бириккен эл гана өсөт, өнүгөт. Манастан калган башкы нуска — эл-журттун ажырагыс биримдиги. Ошон үчүн “Биримдикти” колдойлу!
- Биримдик үй-бүлөбүздөн тартып бардык жерде болушу үчүн “Биримдикке” добуш берели!
- Биримдик – бул ички, сырткы тыгыз интеграция аркылуу коопсуздукта ишенимдүү өнүгүү. Кыргызстандын туруктуу өнүгүп, эли бай-бакубат, бактылуу жашаган өлкөгө айлануусу үчүн “Биримдикке” добуш берели!
- Евразиялык тандоо — үч миң жылдык тарыхы бар бабаларыбыздан калган. Ал тандоонун тууралыгын өткөн мезгил ырастады. Ошондуктан евразиялык интеграцияны жактаган “Биримдикке” добушубузду берели!
- Ар бирибиз коомубузда социалдык адилеттүүлүк, теңдик, чындык бекем орношун каалайбыз. Аны ишке ашырууну максат кылган “Биримдик” үчүн добуш берели!
- «Биримдик» — бул коррупцияга каршы элдешкис күрөш. Кыргызстанда коррупциянын тамыры биротоло кыркылышы үчүн “Биримдикке” добуш берели!
- «Биримдик» — бул кесипкѳй, жаратман, мекенчил жана мамлекетчилдердин биримдигинен түзүлгѳн партия. Беш жылдык жашообуз мамлекетчилдердин колунда болсун десек, «Биримдик» партиясына добушубузду берели!
«Биримдик» партиясы шайлоо бюллетенинде №1
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.