Акыркы жылдарда республиканын Башкы прокурорлугуна айымдар келгендиги жаңылык деле болбой калды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бул кызматка Индира Жолдубаеваны туура көргөн. Албетте, ишенимди актоого бул айым колдо болгон дараметин чегерди. Кыйла паракорлордун, коррупцияга шектелгендердин айыбын ачууга көмөгүн көрсөтүп, ишти ордунан жылдырды. Даги бир нерсени баса белгилеп кетпесек болбос. Аталган тармактын кызматкерлерине да квартиралардын берилишине бир топ эле салымын кошту. Индиранын убагында кээ бир отко күйбөгөндөр тутулуп, жазасын алууга мажбур болду. Резонанс жараткан окуялар да жүз берди. Эми мунун баарына коомчулук өз баасын берет. Бир ууч эле өкмөттүк эмес уюмдардын, жел сыяктуу шуулдаган активисттердин айтканына эч ким муюбайт десек туура болот.
Албетте, иш болгондон кийин кемчилик да кетери белгилүү. Айрыкча күч түзүмдөрүндө сындагандар арбын болору шексиз. А иштин өзөгүнө келсек Жолдубаеванын анчалык деле жосундуу жоруктарын байкабадык. Бир да жолу тигинин “жашылбайларын жымырып алыптыр, баланчага “крыша” болуптур деген каңшаарларды кулагыбыз чалган эмес. Мурункусуна окшоп тысырайып эле эч кимди омуроолоп каккан жок. Жогорку Кеңешке келсе да эби-сыны менен суроолорго жооп берип, чакчаңдабаган мүнөзү аркылуу көбүнө жакты. Арийне, кызматына көлөкө түшүргөндөрдү деле аяганын көрбөдүк. Андайлар тийиштүү жазаларын алып, кызматтан кетишти.
Негизи ал түндүктөн түшүп келген кадрлардан болду дегенге ооз барбайт. Президенттик аппаратта такшалып, ишке көзү каныгып калгандыгы үчүн аны Башкы прокурорлукка дайындашкан. Бейчеки кадамдарга барбагандыктан ушул кезге чейин дейди кептер теребелге тарабаган чыгар? Өзүн бир калыпта салабаттуу алып жүргөндүктөн, этиканы бекем кармагандыктан артынан суук кептер ээрчиген эместир да? Эл ичинде “Көздүү мончок жерде калбайт” –деген таасын макал бар. Анын сыңарындай али алдан-күчтөн кайта элек, дымактуу айымдын жылдызы азыр өчпөйт деген ишеним бар. Индиранын келечеги али алдыда. Биз деле жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйбүз.
Парламенттин айрым депутаттары башкы прокурор Индира Джолдубаеваны кызматынан алууга активдүү аракет көрүп жатат. Адегенде “Ата Мекендин” депутаттары, кийинчерээк «Республика-Журт» фракциясынын депутаттары парламентте башкы прокурорго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алышты. Ошол эле маалда бир дагы депутат өздөрүнүн ишенбөө себептерин түшүндүрүп бере алышкан жок. Эмне үчүн? Балким бул башкы прокурорду кызматтан алууга мыйзамдуу негиз болбогонго байланыштуудур. Эгерде мыйзамдуу негиз болбосо бийликтегилер башкы прокурорго эмнеге каршы чыгып жатат? Кандай болгон учурда бийлик башкы прокурорго каршы болот? Бир гана учурда- көзөмөл органынын башчысы Ак үйдүн тапшырмаларын аткарбай калган учурда жана мыйзамды бекем сактаган кезде. Азыр башкы прокурор мыйзамдан четтешине ким кызыкдар болууда? Жоопкерчиликтен качыш үчүн башкы прокурорду дагы алып салууга ким даяр?