Журналистика менен кошо ишкерчиликти да айкалыштырган, болгондо да алып-сатуу менен алектенбей, чарбачылык жана жаратман өндүрүштү колго алган кесиптештерибиз чанда кездешет.
Мындай баа берүүгө татыктуу кесиптешибиз белгилүү журналист Момунов Эмилбек Досназарович. Биз аны менен чыгармачылык жана чарбачылык ишти кантип өздөштүрүп жаткандыгы боюнча маектештик.
— Эмилбек Досназарович, биз Сизди журналист катары жакшы билебиз, бирок акыркы жылдары тоок багууну колго алып, чарбачылык менен да алпурушуп келесиз. Мындай эки фронтто бирдей иш жүргүзүп калышыңыздын себеби эмнеде?
— Чынын айтканда мен депутаттарга окшоп “эл үчүн иштеп берейин” деп өз кесибимден тышкары чарбачылык менен да алектенип жатканым жок. Баары турмуштук муктаждыктан улам жаралууда. Өзүң жакшы билесиң, азыр өлкөбүздө аз айлык алгандардын бири журналисттербиз. Ал акчаң үй салып, машина алып, балдарыңды окутканды мындай кой, күнүмдүк баскан-турганың менен нан, чайыңа өп-чап жетет. Менин да төрт балам бар, чоңу чет өлкөдө студент, кичүүсү эки жашка толо элек. Ошондуктан келинчегим экөөбүз мындан беш жыл мурда ойлонуп отуруп, тоок чарбасын түзүүнү колго алдык.
— Ар кандай ишти баштоо кыйынчылыктар менен коштолот эмеспи, каражат, кара күч жагынан дегендей. Бул маселелерди кандай чечтиңиз?
— Ооба, акчасыз бир мык да ала албайсың. Менин алгачкы кесибим куруучу болгондуктан, чакан тоок фермага кетүүчү чыгымдын жарымына жакыны үнөмдөлүп калды. Башкача айтканда, тоокананын эшиги менен үстүн жапканга тактай, шиферди сатып алгандан башка материалдарды огородумдан эле таап, курулуш иштерин жалгыз өзүм бүтүрдүм. Топуракты да огородумдан казып алып, аны менен сокмо дубал уруп, ал топурак алынган жерди былтыр экинчи тоокана – эт багытындагы бройлер тоок баккан дагы бир чакан ферма салып койдум.
Бирок тооктордун өздөрүн, алар салына турган клетка, түтүк, жем салгыч, электр жабдыктары сыяктуу шаймандарды сатып алуу керек болчу. Мен бул акчаны мурда маянамдан топтоп жүргөн каражаттан тышкары Россияда иштеген инилерим менен кайнилеримден карызга акча алып таптым.
Шаар жеринде бир да банк тоок чарбасы үчүн кредит бербейт экен. Берсе да үстөк пайызы өтө жогору, мөөнөтү аз ал кредиттерди албайт болчумун.
— Сизде азыр канча тоогуңуз бар?
— Алгачкы жылы 200гө жакын жумуртка багытындагы Коррал породасындагы тоокту бакканбыз. Аларды 1 жыл, 8 ай багып, өзүбүздү өзүбүз сыноодон өткөрүп, аз-маз тажрыйба топтогон соң кийинки партияда тооктордун санын 300гө жеткирдик. Бүгүнкү күндө менин чакан фермамда жогоруда айткандай, жумуртка багытындагы 300дөй Декалб породасындагы тооктон тышкары эт багытындагы бройлер тооктор да бар.
— Демек, жумуртка менен кошо тоок этин да өндүрөт турбайсызбы?
— Эт багытындагы тоок багуу идеясын кардарлар өздөрү жаратышты. Себеби жумуртка алгандар кээде тооктун этин да сурап калышат. Бирок аларга жумуртка тууган тоокторду сойгонго болбойт, сойгондо да эти арык, каттуу болот десең түшүнүшпөй, таарынып калышат айрымдары. Баардыгынан да бир ирет былтыр кышында улгайган орус киши билгендерден сурап, “бир тоок саткылачы”,- деп келиптир. Көрсө, анын небереси ооруп калып, тооктун эти менен сорпосу дарылыкка өтө керек болуп аткан экен. Ушул жагдай бир чети аябай зээнимди кейитип, экинчиден элде тоок этине муктаждык бар экендигине көзүм жеткен соң, биринчи тоокананы салганда топурак алып казган чуңкурду жарым жертөлө кылып бройлер баккан да ферма кылып койдум. Ал эми каражатты жумурткалардан түшкөн акчадан алып, кара жумушту инилерим бүтүрүштү.
— Тоок чарбасы кирешелүүбү же өзүнө жумшалган чыгымды канча убакытта актайт?
— Экономисттердин эсептөөсү боюнча, тоок чарбасы дүйнөдөгү маңзат, курал-жарак жана мунай соодасынан кийин эле кирешелүүлүгү боюнча төртүнчү орунда турат. Бирок бул тоокту айылдагыдай эле корооңо айдап койсоң акча тууй берет дегендик эмес. Азыркы атаандаштык күч алган заманда тоокананы салгандан тартып, жумурткалар менен этин сатып өткөргөнгө чейин баарын алдын ала эсептеп же менеджментти колго алып, андан соң гана баштоо керек. Менин 300 жумуртка багытындагы жана дайыма 100-150 бройлер тоок багылган чакан тоок фермама биринчисине 300 миңдей, экинчисине 150 миң сомдой каражат кетти. Сыягы, 2-3 жылда ушул чыгым акталды окшойт.
— Сиз учурда эл аралык агенттикте иштейсиз. Андан тышкары бир эмес, эки тоок чарбанын ишин жүргүзгөнгө кантип жетишүүдөсүз?
— Албетте, тоок чарбанын тоодой жумушун келинчегим, балдарым менен кошо жасайбыз. Мен кышпы, жазбы, дем алыш күнбү, дайыма таңкы саат алтыда солдаттай туруп, бир саат тооктордун жем, суусун берип, жарыгын жандырып, желдетип, түшкү берилүүчү жемин даярдап коюп жумушка сегиз болбой барып калам. Ал эми түшкү жемин келинчегим берип, жумурткаларды терип, дүкөндөргө тапшыруу милдетин алган. Кайра кечинде өзүм келип, жумасына эки ирет тооктордун кыгын сыртка чыгарып, жемин даярдап, бройлер тоокторго буюртма болсо, союп, тазалап, эртеңки күнгө даярдык көрөм. Кыскасы, менде ар бир минута гана эмес, кыймыл-аракет да эсептелген. Аш-той, ашыкча шаан-шөкөт деген түшүнүк жок.
— Балким, келечекте тоокторуңузду санын көбөйтүп, чакан фермаңызды ирилештирүү пландарыңыз бардыр?
— Азырынча ушул эле чакан ферманы кармап турам го. Болгону тооктун кыгынан биогумс, биогаз өндүрүү сыяктуу пландар бар. Эгер ушул идея ишке ашса, өзүмө гана эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин экономикасы менен экологиясына, электр энергиясын үнөмдөөгө чоң пайда болмок. Себеби биогумста химиялык заттар болбогондуктан, андан өстүрүлгөн жер-жемиштер табигый болуп саналат. Ал эми биогаздын калдыгы чачылган жерге отоо чөп чыкпай, түшүмдүүлүк 2-3 эсе жогору болот. Ушул сунуштарымды тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен жетекчилерге жеткире албай жүрөм…
Маектешкен Альбина Калыкова
Булак: ca-irnews