Эмил Токтогонов Кыргызстандын кулатуу федерациясынын жаңы жетекчиси болуп шайланды. Бул тууралуу эл аралык кулатуу федерациясы маалымдады. Маалым болгондой, ал 23-сентябрда Бишкекте өткөн Кулатуу федерациясынын республикалык конгрессинде бир добуштан колдоого алынып, жетекчи болуп дайындалды. Буга чейин аталган федерациянын жетекчилик кызматын кулатуунун негиздөөчүсүнүн уулу — Семетей Турусбеков аркалап келген. Ал биринчи вице-президент кызматына бекитилди.
«Жакында федерациянын жетекчилигинин жаңы курамын бекитебиз. Ал эми, жылдын аягында өлкө чемпионатын өткөрөбүз. Кулатуу үч бөлүккө бүлүнөт: эр таймаш, түртүшүү жана эр күрөш. Биз эр таймашты жакшы деңгээлге жеткирдик. Эми кулатуунун калган багынттарын өнүктүрүүгө аракет кылабыз», — деди Э.Токтогонов. Ал Бүткүл дүйнөлүк кулатуу федерациясынын (WEF) вице-президенти жана кулатуу боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп да эмгектенет. Кыргызстандын кулатуу федерациясы 1984-жылы түзүлүп, 1991-жылы расмий макамга ээ болгон. Ал эми, 2003-жылы Жогорку Кеңештин чечими менен улуттук спорттун 11-түрү болуп кабыл алынган.
http://www.turmush.kg overnight shiping cialis.