—Эмил мырза,коронавируска каршы иш-чараларды сиз жетектеген да комитет көрүп жатканы маалым. Коронавирустун күчөшү кен казуу, өндүрүш ишин солгундатууга алып келерин билебиз. Сиздер тараптан көрүлүп жаткан иш –аракеттердин айрымдарын айта кетсеӊиз?
—Өкмөт дагы, президент тараптан да уюшкандыкта иштерди тынымсыз жүргүзүп жатканы жалпы маалым. Коопсуздук кеӊешинин чечими менен коронавируска каршы биз дагы өзүбүзгө жүктөлгөн тапшырманы так аткарып, колубуздан келишинче иштерди жасап жатабыз. Мисалы, Кытайга байланыштуу 25 ишкананын ишмердүүлүгүн жана 13 компаниянын кадр маселесин тыкыр көзөмөлгө алып, керектүү чечимдерди кабыл алуудабыз. Жогоруда айткан 13 компанияда 631 Кытайдын жарандары иштейт. Алар жаӊы-жылда өз мекенине чыгып кетишкен болчу. Эми алардын баарын киргизбей, ошол компанияга абдан керектүү эле адисттерди тизмелеп киргизишибиз мүмкүн. Биз тизме түзүп, атайын штабга бердик.
—Кайсы ишканалар экенин айта кетсеӊиз?
—Мисалы, ЮКЦ 17 киши, “ Кичи — Чаарат” 15 киши, “Алтын кен” 3 киши. Ал эми 25 компания тууралуу айтсак, алар Кытайдан көбүнчө чийки зат, ар кандай жабдыктарды ташышат. Азырынча алардын ишмердүүлүгү ушул коронавируска байланыштуу болсо да такыр токтоп калууга жол бербейбиз. Себеби, иши Кытай тарап менен тыгыз байланыштуу болгон компанияларга керектүү продукцияларды темир жол аркылуу алып келүүсүнө шарт түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул маселе чечилет. Азырынча 1 айдан 3 айга чейин жете турган чийки заттары бар. Башка компаниялардын талапка ылайык иштөөсүнө шарт түзүү (ар кандай продукцияларды алып келүү ж.б.) максатында Беларусь мамлекетинин бир чоӊ компаниясына биздин Тышкы иштер министрлиги аркылуу кат жолдодук. Буйруса, бул маселе де чечилет деп турабыз.
—Өндүрүш маселесине келгенде медициналык беткап тартыш болбошун камсыздоо үчүн силерге да тапшырмалар берилсе керек?
—Ооба. Туура айтасыз. Биздин комитет өндүрүш тармагын да көзөмөлгө алып, иш жүргүзөт да. Ошон үчүн медициналык беткаптарды өзүбүздөн тигип, элге жайылтуу жагына катуу киришип жатабыз. Мисалы, Ошто “Дастан-стиль” деп аталган ишкана 4-5 кабат беткап тигип жатат. Андай беткапты жууп, үтүктөп көпкө колдонсо болот. Бул боюнча сүйлөшүп жатабыз. Биринчи 5 миӊ чыгарышат, анан акырындык менен көлөмүн көбөйтөт. Ошондой эле Бишкек экономикалык аймагында да бир ишкана тигип жатат. Алар жакынкы аралыкта 50 миӊ маска тигип, сатыкка алып чыгышат. Кыскасы, биз беткап маселеси талкууга түшүп, жок болуп кетпеши үчүн болгон аракетибизди көрүп жатабыз. Өндүрүш маселесин дагы айтсак, биз Кытайдан кездемелерди көп алабыз да. Коронавирус күчөй баштаганда “Мадина” базарында кездеме саткандар товарларын сатпай, бекитип коюшкан. Ошондон улам, бир аз маселе жаралган. Азыркы күндө ал соодагерлер складдарын ачып, сатып жатышат. Алардын товары жай айларына чейин жетет. Бирок биз ушул учурда керектүү кездеме ж.б. товарларды өзүбүздүн күчүбүз менен даярдап алышыбыз зарыл.
—Эми сиз жетектеген комитеттин өткөн жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолсок…
—Кудай буйруса, өткөн жылкы көрсөткүчтөрүбүз жакшы болду. 2019-жылы бюджет маселесин 102, 9 пайызга аткардык. Бир нече ири-ири конкурстарды ийгиликтүү өткөрүп алдык. Экономика министрлиги менен биргеликте Жогорку Кеӊешке бир жакшы мыйзам сунуштаганбыз. Ал мыйзам боюнча мурун рудаларды ташуудан 1 пайыз салык болсо, эми бул жаӊы мыйзамда 3 пайызга көтөрүп жазганбыз. Мыйзам колдоо тапса, бюджетке көбүрөөк акча түшүп, тоо-кенчилерге жакшы түрткү болуп калат.
—2019-жылы Кыргызстан канча тонна алтын казды?
—2019-жылы Кыргызстандын тарыхында алтын казуу боюнча абсолюттук рекорд болуп, жалпысынан өндүрүлгөн алтындын көлөмү 26 тоннага жетти. Анын 18 тоннасы Кумтөргө тиешелүү, калган 8 тоннасын башка компаниялар казышты. Алар: “Алтын кен”, “Иштамберди” ж.б. Кудай буйруса, быйыл “Жер үй” менен “Иштамберди” ишке кирет. “Жер үй” алтын кени жайында өз ишин баштайт. Бул долбоор ишке ашпай, 41 жыл турду. Буйруса, быйыл ишке ашат.
—Ошол 26 тонна алтынды казылды деп жатасыз. Ошондон казынага канча пайда түшүп жатат? Негизинен ал алтындын көбү чет мамлекеттерге чыгып жатат да…
—Баары четке ташылат деген туура эмес. Көп компанияларда мамлекеттин үлүштөрү бар, ошондой эле салыктын бир нече түрү да ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Эми бул экономикалык жагын өзүнчө айтышыбыз керек. “Алтын кенди” алсак, анда мамлекеттин 40 пайыз үлүшү бар, “Эти -Бакырда” 25 , “Макмалда” 34, “Терек-Сайда” 25 пайыз. Ал эми Кумтөрдө 26 пайыз үлүшүбүз бар.
—Кумтөрдөгү алтын кенин иштетип жаткан “Центерра” менен түзүлгөн келишимдин мамлекет үчүн пайдасы аз болуп жатканы көптөн бери эле айтылып келет. Бул маселе жакын арада каралабы?
—Бул маселе боюнча “Кыргыз алтынга” караштуу атайын комиссия бар. Негизги ишти ошол комиссия алып барууда. Буга тиешелүү суроолорго ошол комиссия жооп берсе жакшы болмок. Бүгүнкү күндө биз чалгындоо иштери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
—Кендерди казууга берилген башаламан лицензиялар жөнгө салынып жатабы? Бул боюнча буга чейин катуу сындар болгонун жакшы билебиз…
—Албетте, лицензиялар жөнгө салынып жатат. Мен бул комитетти жетектеп баштаарым менен лицензияларга инвентаризация жасап, бир сыйра текшерип чыкканбыз. 2018-жылы 2700дөн ашуун лицензия берилген экен. Анын 469у алтын кени боюнча. Бирок анын ичинен изилдөө, чалгындоо, казуу деп үчкө бөлүнөт. Бүгүнкү күндө бир сыйра электен өткөрүп, иретке келтиргенден кийин 2400 лизенция бар. Бир сөз менен айтканда биз тартип жагына басым жасап, бир аз кыскартууга бардык. 2018-жылы 660 лиценция берилсе, 2019-жылы 167 лицензия бердик. Демек, мурунку жылга салыштырганда 500дөй лицензия аз бердик. Себеби, биз Коопсуздук кеӊешинин чечиминен кийин баарын иретке келтирүү боюнча бир топ иштерди аткардык.
—Уранды казуу боюнча лицензия жокко чыкпады беле…
—Ооба жокко чыкканы ырас…
—Ошол эле жерден алтын казууга лицензия берилгени чын да.
—Туура. Бирок алтын казууга лицензия мурун эле, тактап айтканда 2016-жылы эле берилиптир. Мыйзам чегинде алганда ал алтын казылышы керек.
—Жалпысынан кенге берилген лицензиялардан мамлекет казынасына жыл сайын канча каражат түшөт?
— Негизинен Кыргызстандагы кен тармагы үчкө бөлүнөт. Биринчиси металл рудасы, газ жана суу деп үчкө бөлүнөт. 2018-жылы кен казуу тармагынан мамлекет казынасына 11,5 миллиард сом түшкөн. 2019-жылы болсо дээрлик 13 млрд сомго жетти. Быйыл бул көрсөткүч дагы көбөйөт. Бизде каражат көбүрөөк түшө турган негизги 13-14 компания бар. Кээ бир аймактарда кен казган компаниялар менен соцпакеттен тышкары, башка да социалдык мекемелерди салдыруу жагын да сүйлөшүп жаткан учурлар бар. Бул маселеде аким, айыл өкмөттөрдүн да ролу чоӊ.
—Сиз жетектеген комитет буга чейин Кыргызстандагы эӊ коррупциялашкан 5 мекеменин ичинде болуп келген. Деги эле коррупция маселеси боюнча эмне айтасыз? Тазалануу талапка ылайык жүрүп жатабы?
—Кудай буйруса, тазалануу иштери ийгиликтүү жүрүп жатат. Чынында бизде маселе абдан көп болчу. Коррупция жок деп айтуудан да алыспыз. Жогорку жооптуу кызматтарды ээлеген деӊгээлде коррупция жок. Бирок орто деӊгээлдеги кызматтарды ээлеген тараптарда коррупциялык көрүнүштөр кездешип калат. Анткени, ар кандай сөздөр, иштер болуп кетти да. Сиз айткандай азыр биздин комитет эӊ коррупциялашкан 5 мекеменин ичинде эмес. Биз комитеттин аброюн көтөрүп, ишенимди арттырып жатабыз, бул ишибиз аздыр-көптүр ийгиликтүү болуп, азыр биздин комитеттин имиджи 12-13-орунга көтөрүлдү. Ишеним индекси боюнча биз 1,5 пайызга өстүк. Мисалы, коррупция боюнча биринчи ондукта болчу. 2018-жылы ишеним индекси 62 пайыз болсо, 2019-жылы 64 пайызга жетти. Бул да жакшы көрсөткүч. Бул жыйынтыкты Улуттук статистика комитети өзүнүн ыкмасы менен талдап чыккан.
—Сиз жетектеген комитет абдан маанилүү, абдан чоӊ комитет. Көп эле министрликтерден да кыйла чоӊ. Бирок ошондой болсо да сиздер негедир көлөкөдө калгандай, же аткарып жаткан иштериӊер коомчулукка жетпей жатабы?
—Ооба,биздин комитет абдан чоӊ комитет. Үч чоӊ тармак боюнча иш алып барабыз. Үч тармакта да чоӊ көйгөйлөр бар. Анын баарын кыска убакытта чечүү кыйын. Аларды иретке салууга көп эле убакыт талап кылынат.
Чынында 2019-жылы бизде жакшы көрсөткүчтөр болду. Бирок ошол ишибизди жеткиликтүү деӊгээлде көрсөтө албай калдык. Элге да толук жетпей калды. Эми бул жагын алдыда дагы күчөтөбүз.
—Жетпей жатканын негизги себеби эмнеде?
-Бир нече себептери бар. Биринчи кезекте убакыт ж.б. себептерди айтсак болот.
—Энергетика тармагынын саясатын да сиздер жүргүзүп келесиздер. Бул көйгөйлүү, коррупциясы көп тармак боюнча эмне айтасыз?
—Чынында эле бул тармакта көйгөйлөр аз эмес. Бүгүнкү күндө Токтогул, Үч-Коргон, Ат-Башы баштаган ГЭСтерди жаӊылоо иштери жүрүп жатат. Оӊдоп-түзөлгөндөн кийин бул ГЭСтердин кубаттуулугу бир аз өсөт. Мисалы, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. Жалпысынан алганда ошол ГЭСтердин баарында тиешелүү иштер жасалып бүткөн соӊ электр кубаттуулугу 430 мегаваттка көбөйүп калат. Эч кимге жашыруун эмес, бүгүнкү күндө энергетика секторунда карыздарыбыздын көлөмү 102 млрд. сомго жетти. Бул карыздан кутулуу боюнча атайын программа түзүп, мындай абалдан чыгууну эртелетишибиз керек. Техникалык жоготуулар да аз эмес болчу. Биз жыл сайын анын көрсөткүчүн бир аздан болсо да кыскартып жатып,биздин электр энергиянын баасы элдин социалдык абалына ылайыкташкан. Биринчи кезекте бул тармакта катуу тартип орнотуп, коррупцияны жоюшубуз керек. Мына ошондо алдыга жылыштар болот. Экинчиден, биздин энергетика секторунда жабдыктардын көбү эски болуп жатпайбы. Оӊдоого, алмаштырууга муктаж болгон да жабдыктар көп. Салынып жаткан жаӊы Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин да курулуштарын ыкчамдатып, ишке берүү зарылдыгы турат. Биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСин бүтүрүп алсак
CASA-1000 долбоору менен Ооганстанга, Пакистанга чейин электр энергияны жакшы баада экспортоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Чынында ГЭСтерди толук кандуу куруп бүтүп алсак, энергетика тармагындагы бир топ чоӊ көйгөйлөрдү чече алат элек. Мындан тышкары, жеке ишкерлер чакан ГЭСтерди куруп жатышат. Андан тышкары, шамалдан, күндөн да электр энергияны өндүрүп жатышат. Мына ошолордун да өндүргөн товарын мыйзамдын негизинде колдонсок чоӊ пайда болот. Ал үчүн атайын мыйзамды иштетишибиз керек да. Мындайча айтканда, ар бир айыл өкмөттө бирден, экиден чакан ГЭСтер иштеп турса абдан жакшы болот эле.
Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ
Булак: Багыт