Эми Москва Бишкекке болгон мамилесин өзгөртүшү мүмкүн. Буга кандай негиз бар? Жообу жөнөкөй. Алмазбек Атамбаев Кремлге ылайыксыз “досун” тааныштырганына күбө болуудабыз. Буга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия жана Бельгияга болгон иш сапарларын мисал келтирсек болот.
Бул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандын президенти келээрдин алдында түрк мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган жана Тышкы иштер министри Мевлет Чавушоглу Украинанын президенти Петр Порошенко менен бейрасмий жолугушуу өткөргөн. Бул тууралуу Украин президентинин маалымат кызматы төмөнкүдөй билдирүү тараткан. Анда: “Түркия БУУнун тынчтык орнотуучу миссиясын оккупацияланган Донбасска киргизүүнү колдоду жана ага катышууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары эки тараптуу негизги багыттар болгон соода-экономика жана инвестиция чөйрөсүндө, ошондой эле энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү талкууланды. Булардын арасында Украина, Түркия жана Катар ортосундагы үч тараптуу кызматташуу тууралуу кеп болду”, — деп айтылат.
Түркиянын мындай кадамы Орусия тарап терс кабыл алышы мүмкүн. Ага чейин бир апта мурда Режеп Тайип Эрдоган Владимир Путинди өз үйүндө кабыл алган. Жолугушууда үч тараптуу кызматташтык талкууланган. Бирок анда Орусия, Түркия жана Иран жөнүндө кеп болгон.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Петр Порошенко менен болгон жолугушууга каршылык билдирбесин айтканы менен Украинага тынчтык орнотуу аскерлерин жөнөтүү чечимин БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл аларын баса белгиледи. Демек, Орусиянын макулдугусуз Донбасста тынчтык орнотуучулар бара албасы турган иш.
Бул иштер орус-түрк жана орус-кыргыз мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн? Албетте Украина президентинен кийин эле Кыргызстандын президентинин Түркияга болгон сапары Орусиянын көз жаздымында калбасы турган кеп. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, эмнеге С.Жээнбеков бир апта мурда Орусия менен Түркия Сириядагы абалды талкуулап жатканда Түркияга барган жок? Кандай болгон күндө да Орусия менен Кыргызстан ЖККУга кирген өнөктөштөр эмеспи.
Президент Сооронбай Жээнбековдун андан ары Бельгияга болгон иш сапары да суроолорду жаратууда. Айрыкча, Президенттик аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдирүүсү. Ал: “Мамлекет башчысынын азыркы иш сапары Кыргызстан Европа биримдиги менен кызматташууга артыкчылык берерин дагы бир ирет тастыктап турат. Европа биримдиги биздин маанилүү өнөктөшүбүз деп эсептейбиз жана мындан да тыгыз бирге аракеттенүүгө даярбыз”,-деп билдирген.
Мындай билдирүүлөр Кыргызстан тышкы саясаттагы багытын өзгөртүп жатканынан кабар бербейби? Буга шайлоого чейин Жээнбеков иштей албайт деп ач-айкырык салган өлкөдөгү Батыштан каржыланган бардык бейөкмөт уюмдар эми президентти абдан колдоого алып, мактап-жактап жатканы да ишара кылууда. Эгер абал ушул өңүттө уланса анда Москванын Бишкекке болгон мамилеси сууй турагын анык. Анын жыйынтыгы эмнеге алып келерин ошол өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз мигранттары Бакиевдин убагында абдан жакшы билип калышты…