Домой Саясат Эми кимиси “крит” болот?! Мандаты­нан айрылып, сотко кай­рылгандар

Эми кимиси “крит” болот?! Мандаты­нан айрылып, сотко кай­рылгандар

54

Канат Исаев

“Кыргызстан” партиясы­нын эсебинен депутат болгон Урмат Ишенбеков БШК тарабынан мандаты­нан айрылып, сотко кай­рылган. Ал жактан майнап болбоду-Жогорку сот да БШКны колдоп берди. Ошондон соң анын ордуна Айтмамат Назаров деген депутат болду. Ал 44 жашта, буга чейин Кара-Балтадагы спирт заводун жетектептир.  Кара-Балта шаарынын КСДПдан өткөн депутаты. “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Канат Исаев чалмакейди жакшы чалып жатат, эми кимисин “крит” кылар экен?! Баса, партиянын көмүскөдөгү кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов жылмасынан жакшы “жылжытат” окшобойбу…