Домой Коом “Эмгек” партиясынын программасын эксперттер эмне үчүн сынга алышты?

“Эмгек” партиясынын программасын эксперттер эмне үчүн сынга алышты?

170

Көз карандысыз эксперттер «Эмгек» партиясынын шайлоо алдындагы «Демилгелүү шаар 2.0» программасын талдоого алып, талкуулашты. Алар программаны дыкат талдап чыгышып, өз ой-пикирлерин билдирип, айрым пункттарын сынга алышты. Бирок жалпысынан документке жогорку баа беришип, партиянын демилгелерин колдошту. Алар «Демилгелүү шаар 2.0» инновациялык бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту. Бул, биринчи кезекте, борбордун чыгышынан батышын карай адамдардын каттамын камсыздоого багытталган жүргүнчүлүк транспорттук системанын «экинчи каттамынын» курулушу.

 Эксперттик жолугушуу Бишкекте өттү. Ага КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияндагы Кыргызстандын мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, коомдук ишмер, мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмер Айгүл Рыскулова, Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча экс-вице-мэри Эркин Исаков, КР Базарлар ассоциациясынын президенти, «Дордой» ассоциациясынын аналитикалык маселелер боюнча вице-президенти Сергей Пономарев, Стратегиялык изилдөөлөр бюросунун директору Гани Абдрасилов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, ошондой эле «Эмгек» партиясынын лидери Токтосун Султанов катышты.

Токтосун Султанов «Демилгелүү шаар 2.0» программасынын негизги жоболорун эксперттерге тааныштырып, анын ичинде президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган Бишкектин жаңы аймактарын тез арада интеграциялоо, жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жолдун «экинчи кабатын» куруу  маселелерине жана Чоң Чүй каналын реконструкциялоо долбооруна токтолду. Ал программаны иштеп чыгууда партия ырааттуулук принцибин бекем кармангандыгын баса белгиледи. Ошол эле учурда шаардын жыргалчылыгы үчүн ишке ашырыла турган кызыктуу жана сапаттуу сунуштар түшкөндө документ толукталышы мүмкүн жана толукталууга тийиш.

«Эмгек» партиясы эмгек адамдарынын, жаратмандардын партиясы катары өзүнүн программасын формалдуулук катары карабайт. Биз ага абдан терең ойлонуу менен мамиле жасайбыз, анткени аны ишке ашыруу милдетин өзүбүзгө алабыз», — деп белгиледи ал.

«Бул жакшы идея. Муну ишке ашырууга толук мүмкүн, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, айрыкча борбор шаарларда бар. Албетте, магистралдын кайсы бир жеринде кесилиш бошосо, бул мультипликативдик таасир берет. Анан да таң калычтуу болгону менен, бул социалдык долбоор гана эмес, экономикалык дагы долбоор, себеби мындан киреше табууга болот», — деп белгиледи Сергей Пономарев.

Ал ошондой эле программада Бишкекте туризмди өнүктүрүүгө арналган бардык пункттар бар экенин баса белгиледи.

«Бизге чет өлкөлүк өнөктөштөр көп келишет, тилекке каршы, шаарды көрсөтүүнү сураган учурларда кээде уяласың. Чынын айтканда, мурда деле көрсөтө турган жерлер жок болчу. Ооба, жаратылышыбыз керемет, бирок бул борбордон тышкары жерлер. Бүгүн болсо, адамдар келгенде, көрсөтө турган жайларыбыз бар. Эгерде Бишкекти Борбор Азиянын туристтик борбору кылуу идеялары болсо, анда кандайдыр бир өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгышыбыз керек. Албетте, бул кластердик ыкма болууга тийиш, себеби кластердик ыкмаларсыз туризм өтө чыгымдуу жана таасирсиз болот», — деди КР Базарлар ассоциациясынын президенти.

Эксперттер борбордун түндүгүн өнүктүрүүнүн экономикалык драйвери боло турган Чоң Чүй каналынын жээктерин рекунструкциялоо сунушуна татыктуу баа беришти.

«Чоң Чүй каналы – сиздердин негизги программалардын бири. Бул узак мөөнөттүү долбоор, атайын адистер иштеп чыгышты. Бирок Бишкек шаарынын аймагындагы Чоң Чүй каналынын жээктерин бүгүнкү күндө жеке сектор ээлеп турат. Эми бул маселени мыйзам чегинде калк менен, ал жакта үйлөрү бар, жер тилкелерине ээлик кылган жарандар менен чечүү керек. Ал эми Чоң Чүй каналынын жээги болобу, Аламүдүн суусунун же Ала-Арча суусунун жээги болобу, жээктерди жасаш керек деп ойлойм», — деп Айгүл Рыскулова өз оюн билдирди.

Ал ошондой эле «Эмгек» партиясынын программасындагы туристтик блокко токтолду.

«Балким, туризмге басым жасоонун кажети жоктур. Анткени Кыргызстанда, тагыраагы Бишкекте азырынча тарыхый, көрүнүктүү, меймандарды тарта турган имараттар жок. Бирок биз туристтик ишкерликте ортодогу звено боло аларыбыз шексиз. Себеби, бүтүндөй Кыргызстан – бул кооз жайлар, көркөм жаратылышыбыз, тоолорубуз, биздин Ысык-Көлүбүз. Ал эми Бишкек – бул босогосу. Башкача айтканда, борбор калаа жалпы өлкөлүк туризмде ортодогу звено боло алат», — деп эсептейт Рыскулова.

Ал программада социалдык таксини ишке киргизүү, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү чөйрө түзүү сыяктуу социалдык саясат маселелери каралбаганын сынга алды.

«Азыркыга чейин чечилбей келген бир нерсеге сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Бул ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү чөйрө түзүү. Тилекке каршы, биз ар дайым бул шарттарды түзүп жатабыз деп келгенбиз, бирок азыркы учурда аз гана иштер жасалды. Кандайдыр бир аракеттер бар, бирок толук кандуу жеткиликтүү чөйрө азырынча жок», — деп жыйынтыктады Айгүл Рыскулова.

Башка эксперттер да шайлоо алдындагы «Демилгелүү шаар 2.0» программасына өз бааларын беришип, Бишкекте жашоо шарттарын жакшыртуу сунуштарын айтышты. Алсак, Стратегиялык изилдөөлөр бюросунун директору Гани Абдирасилов шаардын тышкы көрүнүшүн түп тамырынан өзгөртө турган «Ренновациялар жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алууну илгерилетүү зарылдыгын белгиледи. Эркин Исаков борбордогу архитектуралык-тарыхый объекттерди жок кылып жаткан шаардагы башаламан курулуш көйгөйүн атады. Ал эми Бакыт Бакетаев ар бир кварталда чакан базарларды уюштуруу идеясын айтты, бул Бишкектеги шаардыктарды жаңы жашылчалар, жемиштер жана башка айыл чарба азыктары менен камсыз кылууну шарттамак.

«Эмгек» партиясынын төрагасы Токтосун Султанов эксперттерге талкууга катышкандыгы, конструктивдүү сын-пикирлери үчүн ыраазычылык билдирип, партия шаардын маселелерин чечүүгө эксперттик жана илимий жамааттарды тартууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

«Шаар үчүн ири каражаттарды жумшоону талап кылган ар бир чечим илимий изилдөөлөрдүн жана эксперттик талкуулардын негизинде кабыл алынууга тийиш. Дал ошондуктан биз программабызды талкуулоо үчүн эксперттерди чакырдык. Ооба, программа жазылып бүткөн. Бирок бүгүн айтылган пикирлердин арасында документке дароо кошула турган сунуштар бар. Биз эксперттерди угушубуз керек, анткени алар да биз өңдүү эле шаар жана анын экономикасы менен байланышкан, Бишкектин тагдырына кайдыгер эмес адамдар», — деп жыйынтыктады Султанов.

 

«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жокоева Ж.Ж тарабынан төлөндү.