Домой Коом Эмгек министрлиги майып жана жетим балдарга Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду

Эмгек министрлиги майып жана жетим балдарга Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду

17
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги майыптыгы бар, жетим жана аз камсыз үй-бүлөдө өскөн 100 бала үчүн Ысык-Көлдө эс алуу уюштурду. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Автобус Ысык-Көл облусуна бүгүн жөнөп кетти. Аларды милиция коштоого алды. Балдар ден соолукту чыңдоочу «Улан» борборунда 10 күн эс алышат.
Министрлик 10 күндөн кийин балдардын кийинки тобу жөнөтүлөрүн белгиледи.