Домой Коом Элвира Сурабалдиева: Болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар

Элвира Сурабалдиева: Болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар

1147
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттик шайлоого катышаарын билдирди.
“Эки жумадай калды, сураныч- чыдап туруңуздарчы. Ким кайсы партияга, кимдер менен, эмне себептен барганы жарыяланып, ачыкка чыгат. Съезддерде кандидаттардын тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин, октябрда, добуш алып/албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар.
Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын. Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар – өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин”-деди Сурабалдиева.