Домой Саясат Элмира Сатыбалды кызы: “Атамбаев өмүр бою кесилбейт, акталып  жакшы иштери менен даңазаланат”

Элмира Сатыбалды кызы: “Атамбаев өмүр бою кесилбейт, акталып  жакшы иштери менен даңазаланат”

4106

“Атамбаевди Кудай анан шейиттер колдойт”

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.

“Атамбаев өмүр бою кесилбейт, акталып  жакшы иштери менен даңазаланат”

-Атамбаевди элдер сынды, камалды, эми өмүр бою кесилет, өзүнө өзү кол салат деп ойлоп жатышат. Чынында Атамбаев  эч качан өзүнө өзү кол салбайт. Ал акыйкаттыкты башкадан эмес, кудайдан күтүп жатат. Ал азыр өзүн күнөөлөп, жанын коёрго жер таппай жаткан жок. Мен акмын, актыгымды далилдейм деп отурат.  Ал башкалар күткөндөй өмүр бою да кесилбейт. 7 жылда же үч жарым жылда  адам укугун коргоо жагынан акталып чыгат.  Ал мезгили келгенде өз баасын алат. Ошол учурда эл арасында да аны жамандаган эмес, мактаган, артыкчылыгын баса белгилеген пикирлер басымдуулук кылат. Башкача айтканда, азыркыдай караланып жаткандай эмес,  элин таштап качпаган, баардык кыйынчылыкка  тике караган хан катары тарыхта калат. Атамбаевдин адвокаттары акыйкаттык үчүн  эл аралык сотко чейин кайрылат. Көп кагаздар ары-бери  ташылып жатканын, чоң трибунада Атамбаевдин маселеси көтөрүлүп жатканын  көрсөткөн аян келди. Атамбаев түшүнгөн кишиге саясаттын гана курмандыгы болду. Ошон үчүн сабыр кылып, ак экенине ишенип  отурат. Атамбаев саясаттын курмандыгы болгону үчүн Текебаев да андан өч албайм деп жатат. Текебаев Атамбаевдин мыкты экенин, кыйын экенин билет. Ошон үчүн ага асылыштын кереги жок деген чечим кабыл алды.

Азыр Атамбаевди жаман деп ыгы келген жерден да, келбеген жерден да жамандаганыбыз менен ал кетирген калпыстыктарын Кудай алдында жууп койгон. Башкача айтканда, үркүндө каза болгон шейиттерге арнап комплекс куруп, ага Путин баштаган даражалуу адамдардын башын ийдирип, таазим кылдырып,  гүл койдуруп, шейиттердин ыраазычылыгын алган. Ошондой эле  7-апрелде каза болгон шейиттерге да куран окуп,  алардын да колдоосуна ээ болгон. Мечит салып, шейит деген  ыйык нерсени ошол мечитке киргизип койгон. Ошон үчүн ал кандай катачылык кылса да, шейиттердин ыраазычылыгына татып, ал катачылыгын жууп койгон. Атамбаевди Кудай анан шейиттер колдойт. Ал камакта сынмак турсун ошондой касиеттердин колдоосунан күч, кубат алып жатат. Буюрса, эки бийлик алмашкандан кийин Атамбаевдин зоболосу көтөрүлөт. Ал акталып чыгып, жакшы иштери даңазаланат.

Мага ал отурган бөлмөнүн төсүнөн түндүк көрүнүп турат. Түндүктөн нур түшүп турат. Атамбаев колдоону азыркы бийликтен эмес, кудайдан күтүп жатат. Эки үч бүркүт пайда болуп, анын мойнунан илинген жипти чокуп, чечип салышты. Атамбаевди эч ким өлтүрө албайт. Ошон үчүн ал сынган жок. Сынмак турсун курчуп, кайдан катачылык кетирдим, кайдан жаңылдым, жаздым деп өзүнө суроо берип, жооп табууга аракет кылып жатат. Бирок, Атамбаевдин тагдыры көп саясатчыларга сабак болду. Бийлик байлык жана дөөлөт жана каргыштан турганы үчүн  Атамбаев ушундай сыноолорду баштан кечирип жатат.

Булак: Ачык саясат