Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.
“Текебаев мындан ары чабышпайт, дипломатиялык миссияны аркалайт”
-Текебаев мындан ары эл күткөндөй, башкалар кооптонгондой саясатка кийлигишпейт. Кийлигишүүгө аракет да кылбайт. Текебаев мындан ары саясатта кадрларды таптоо менен алек болот. Дипломатиялык миссияны аркалайт. Ырыскымды төгүп-чачпай үй бүлөм менен болоюн деп саясаттын сасык оюндарынан оолак болот.
Булак: Ачык саясат