Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.
“Сапар Исаковду күнөөлүү деген чечим чыгып, ири суммадагы каражатты төлөөгө мажбур кылат”
-Сапар Исаковго төлгө салганда ал сынып, руху, духу түшүп калганын көрсөткүп жатат. Саясатка аралашмак турсун эч нерсеге жарабай, ден соолугунун айласын издеп, өз жаны менен алек болуп калганын көрсөттү. Сапар Исаков психологиялык басымдан мурун көзүгүп калган үчүн ушундай абалга кептелген. Ошол нерсе өтүшүп отуруп, азыркыдай абалга туш кылган. Ал жаткан жерге молдо киргизип, дем салдырбаса абалы мындан да оорлоп кетиши мүмкүн.
Жакында Сапар Исаковду күнөөлүү кылган чечим чыгат. Бир канча каражатты төлөөгө мажбур кылат. Кыскасы, баш көтөргүс кылып туш тарабынан сындырышат.
Сапар Исаков буга чейин Атамбаевден колдоо күткөн. Ал чыгарып кетет деп ишеним арткан. Атамбаев камалып калганда түңүлүп, өзүн да таштап койгон. Ооруусу да күндөн күнгө күч алып жатат.
Сапар Исаковго төлгө салганда талаага казылган жайды көрсөткөн, сары гүлдөр курчап турган аян келди. Бул нерсе Сапар Исаковдун руханий дүйнөсүнүн баары өчүп, өлгөнгө барабар болгонун кабарлайт. Эгер муну дагы төө бастыга ала берсе, адамдык укугун эске албаса, ооруп отуруп жан бериши мүмкүн экенин да касиеттүү жолдогулар кыйытып жатышат. Бийлик адамгерчилик кылып, кордук көрсөтө бербей укуктук жагын да эске алышы керек. Болбосо анын абалы нааразычылыктын чыгышына, бийликке ишенимдин жоголушуна шарт түзүп коюшу мүмкүн.
Булак: Ачык саясат