Домой Саясат  Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Бийликтин ишенимине кирдик дегендер камалып калышы мүмкүн”

 Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Бийликтин ишенимине кирдик дегендер камалып калышы мүмкүн”

320

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.

 “Бийликтин ишенимине кирдик дегендер камалып калышы мүмкүн”

Азыркы саясат шахмат оюнундай болуп жатат. Азыр президенттин ишенимине кирдим, президенттин бир туугандарынын колдоосуна ээ болдум дегендердин көбү  пешка катары кызмат кылып жатышканын билишпей жатат. Айтайын дегеним, бийликтегилерге  жактык, ишенимине кирдик дегендер жаңылышат. Алар ар бир кадамын ойлонуп таштабаса көбү камалып, күтүлбөгөн жерден темир тор артында отуруп калышы ыктымал. Анткени, азыркы бийлик башында отургандар опурталдуу адамдар. Башкача айтканда, алар менен эсептешкендей түр көрсөткөнү менен,  алар күтпөгөн учурда, талабына жооп бербей калган мезгилде камап  салышы мүмкүн.

Булак: Ачык саясат