Домой Саясат Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Бийликтегилер  аманатка кыянат кылса, азабын ашыгы менен тартып...

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Бийликтегилер  аманатка кыянат кылса, азабын ашыгы менен тартып калышат”

90

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.

“Бийликтегилер  аманатка кыянат кылса, азабын ашыгы менен тартып калышат”

Азыркы бийликке да Кудай баа берип жатат. Булардын да кылган иши кези келгенде тараза ташка түшөт. Эгер бийликтин ниети бузулса, өз билгендерин жасай баштаса тез эле  ишти эмнеден баштаарын билбей калган жагдайга кептелет. Башкача айтканда,  президенттин айласын кетирген жагдайлар жаралат.  Социалдык, экономикалык маселелер күч алып,  жаратылыш кырсыктары көбөйө берет. Президент айласын таппай, башын мыкчып отурган абалга тез эле кептелип калышы мүмкүн экенин  көрсөтүп жатат.

Эң жогорку тепкичте отургандардын үстүнөн карга учуп жүргөнүн көрсөткөн аян келди.  Бийликтин өзү аманат. Бийликтегилер  аманатка кыянат кылса, азабын ашыгы менен тартып калышат.

Булак: Ачык саясат