Домой Саясат Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Бабановдун колу-бутун байлап, камап салганга барабар иш кылышат”

Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Бабановдун колу-бутун байлап, камап салганга барабар иш кылышат”

672

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.

“Бабановдун колу-бутун байлап, камап салганга барабар иш кылышат”

-Бабановдун мындан аркы тагдыры өзүн алып жүрүшүнө жараша болот. Башкача айтканда, анын кадамдары келечегин аныктайт. Ошон үчүн ойлонуп кадам ташташы керек. Бирок, Бабанов азырынча башкалар ойлогондой саясатка аралашып, маанилүү ролдорду ойноону көздөгөн жок. Ал азырынча Кыргызстанга келгенине, өз эли жеринде ээн эркин басып жүргөнүнө гана ыраазы болуп жатат. Ал эли жеринен алыс болуп, мекендин, элдин кадырын билди. Ошон үчүн азыр саясатка киришип, азапка башын салгысы келбейт. Бирок, жогору жак ал тынчыган сайын кооптонуп, дагы нени баштап жиберет деп чочулап,  кылмыш иштерин козгоо  менен алек болуп, колу-бутун байлап, саясатка аралаштырбоонун аракетин көрүп жатышат. Мага түшкөн аянда Бабановго бирөө сары гүл берип кетти. Ал сары гүл менен кошо санаа берди.  Эми Бабанов туура жүрсө, азыркы бийлик менен шахмат оюнун туура ойнобосо утулбайт. Бир жерден эле жаңылып, жазса, камабаса да, камайбыз деп коркутушат. Бабановдун бетине ичке темир тордун  тартылып турганын көрсөтүп жатат. Кыскасы, Бабановду колу-бутун байлап камап салганга барабар иш кылышат. Ошон үчүн ага катар-катар кылмыш иштерин ачып жатышат.

Булак: Ачык саясат