Домой Саясат Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Атамбаевдин санаалаштарын саз соруп жатат”

Элмира Сатыбалды кызы,айтымчы: “Атамбаевдин санаалаштарын саз соруп жатат”

1247

Айтымчы, Элмира Сатыбалды кызы редакциябызга келип, буга чейин касиеттүү жолдо жүргөндөр ар кимибиз өз алдыбызча аракеттенип жүргөн болсок, Манас атанын касиети, руху, духу биздин башыбызды бириктирди. Биз эми Кыргызстанды жаман нерселерден сактайлы, жерибизге тынчтык орнотолу, элди бөлүп-жарган жаман иштерди  алдын алалы деп касиеттүү жолдогулар бирдикте аракеттене баштадык деди. Биз да мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бийлик дөөлөт, байлык жана каргыштан турат деген ааламдан аян алган Элмира Сатыбалды кызын кепке тартып, айрым суроолорго жооп алууга аракеттендик.

“Атамбаевдин санаалаштарын саз соруп жатат”

Атамбаев менен чогуу иштеген, идеялаш, байланышы бар адамдар камалып калды. Эми адарды кандай тагдыр күтөт деп бушайман болгондор көп. Мага аларды  саз соруп жатканын көрсөткөн аян келди.  Саз адамды эч качан коё бербейт. Ал сорот. Саздан адамды бирөө тартып чыгарбаса чыкпайт. Атамбаевдин тарапташтарын да бирөө чыгарбаса, алар өзү эле  эркиндикке чыга албайт. Атамбаев акталгандан кийин гана аларга да күн тийет. Акталышына, эркиндикке чыгышына шарт түзүлөт.

Булак: Ачык саясат