Домой Аналитика Эльмир Досалиев: “Эмгек” үчүн ириде инфраструктара маанилүү!

Эльмир Досалиев: “Эмгек” үчүн ириде инфраструктара маанилүү!

125

Эльмир Досалиев Санкт-Петербургдагы мамлекеттик архитектура жана курулуш университетинен инженер кесиби боюнча, ошондой эле Кыргыз улуттук университетине юриспруденция багыты боюнча билим алган. Аны эмгектин адамы деп айтсак жаңылышпайбыз. Анткени Эльмир мырза Бишкек шаардык кеңештин депутаты катары борбор калаа үчүн күйүп, анын өнүгүүсү үчүн жан үрөп, өзүнөн да коомчулуктун кызыкчылыгын жогору коюп, ак эмгек менен кызмат өтөп, өзүн тажрыйбалуу саясатчы катары көрсөтө алды. Алдыдагы шаардык кеңештин шайлоосуна “Эмгек” партиясы менен аттанууда.

Партия шайлоо алдында калааны башкаруу жана чарбалык дагы маселелерди камтыган мыкты жана мазмундуу программасы менен иш алып барууда. Саясий уюмдун санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктар менен күрөшүү боюнча пландары жөнүндө Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Эльмир Досалиев айтып берди.

“Ишкер катары иштеп жүргөндө ар кандай бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болдум. Менден башка дагы ошол системадан тажаган адамдар көп экенин билем. Себеби ар бир адам бир ишин бүтүрүү үчүн эки күн жүрүүгө, жарым күн кезек күтүп отурууга туура келет. Бул туура көрүнүшпү? Албетте жок. Толгон-токой маалымкаттарды чогултуп, көп убакыт коротуп жүрө беришибиз керек. Бишкекти заманбап, ыңгайлуу жана эфективдүү шаарга айландырууга убакыт келди”,- деди ал.

Анын айтымына караганда, «Эмгек» партиясынын программасынын бир пункту санариптештирүүгө жана кагаз түрүндөгү маалымкаттарды азайтууга багытталган. Анткени муниципалдык кызматтарды алууда жарандар көбүнчө бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болушат. Жарандар ар кандай бөлүмдөрдөн справкаларды чогултуп, кезекке турушу керек, бул көп убакытты талап кылат.

“Биз калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн муниципалдык кызматтарды санариптештиребиз. Эгер биздин максат ишке ашса, анда автоматташтырылган бирдиктүү маалымат тутумунун негизинде «бирдиктүү терезе» принциби менен бардык багыттар боюнча муниципалдык кызматтар көрсөтүлөт. Бул өз кезегинде бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюп, калкка кызмат көрсөтүүнүн ишенимдүүлүгүн, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат”, — деди Досалиев.

Андан сырткары партиянын планы боюнча санариптештирүү шаардын кирешесин арттырууга салымын кошот.
“Биз бюджеттик каражаттарды сарптоонун эфективдүүлүгүн камсыз кылабыз. Аз чыгым менен мүмкүн болушунча жогорку натыйжаларга жетишүү жана бюджеттик каражаттарды сарптоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатын коюп жатабыз. Анткени учурда бишкектиктер шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат кайсыл багытка сарпталып жатканы жөнүндө толук маалыматка ээ эмес. Ошондуктан биз Бишкектин бюджетинен сарпталган акча жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган веб-сайтты түзөбүз”, — деп кошумчалады Эльмир Досалиев.
Ошондой эле ал “Эмгек” партиясы борбор калаанын тургундарынын жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 200 чакырым тротуар жана 100 чакырым веложол курууну көздөп жатканын кошумчалады.

“Велосипед тебүү Бишкекте анча өнүккөн эмес. Акыркы кездерде шаар бийлиги веложолдорду кура баштады. Инсфраструктуранын өнүгүшү менен велосипед жана башка экологиялык жактан таза транспорттун түрлөрү менен жүргөн адамдардын көбөйгөнүн байкалууда. Мындан улам биз велосипед тебүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүнү каалайбыз. Ошондой эле “Бишкек Арбаты” — автомобилсиз жөө адамдардын зонасын түзөлү деген жакшы тилек, ой, максаттарыбыз бар. Жөө адамдар көчөсү – бул жөн гана көчө эмес, бул шаардыктар жана коноктор бош учурунда эс алганга чыгармачылык менен алектенгенге, туризмге бардык шарттар түзүлгөн аймак болот. Жөө адамдар үчүн жолдун жоктугу шаар тургунуна гана эмес, туризмдин өнүгүшүнө, чакан жана кичи бизнеске терс таасирин тийгизет”,- деп белгиледи Досалиев.

Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебиз.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.