Домой Маданият Элинин уулу болчу. Жусуп Абдрахмановдун “Күндөлүктөрү” жарык көрдү

Элинин уулу болчу. Жусуп Абдрахмановдун “Күндөлүктөрү” жарык көрдү

1079

Жусуп Абдрахманов2015-жылдын күз айларында “Бийиктик” басмаканасынын директору Жумадин Кадыров чакырып калды. Барсам, мага кара-көк тыштуу китепти көрсөтүп, бул Жусуп Абдрахмановдун “1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар” деген орус тилиндеги китеби экенин айтып, которуп берүүмдү суранды. Китепти барактап көрүп эле көзүм жайнап, макул дедим. Ошону менен арадан айлар өтүп, келишим маселеси чечилгенче декабрь айлары келди. Кайрадан мени чакырган Жумадин аке колума китепти эми чындап карматты. Бул китептин чыгышына демөөрчүлүк кылгандар Кыргыз өкмөтү менен Тил комиссиясы болуптур. Котормо бүткөн соң да басмаканада эки айдан ашык жатып калды. Себебин, премьер-министрдин баш сөзүн күтүп жатышканын жана Жусуптун сапаттуу, мыкты сүрөттөрүн таппай жатышкандыгы менен түшүндүрүштү. Айтор, көпчүлүктү абдан эле күттүргөн бул эмгек ушул жума ичи толук басылып чыгуу алдында турат. Бул китеп тарых жана маданият жылына карата кыргыз эли, окурмандар үчүн эң баалуу табылга болорунан шегим жок.

“Менин күндөлүгүмө… Ушул убактан тартып сен менин жалгыз, чыныгы жана унчукпаган досумсуң. Убакты-сааты келгенге чейин. Сен мага менин колумда турганда гана ишенимдүүсүң, башка колдорго өтсөң, чыккынчыга да айланышың ыктымал. Андай болушу да мүмкүн, ошентсе да мен сенден эчтекени жашырбаймын. Мен сага саясий ишмердин ойлорун жана баштан өткөргөндөрүн гана эмес, жөнөкөй, катардагы адамдын да ойлорун айтып берем”, — мына ушундай сөздөр менен башталган орус тилинде жазылган күндөлүктүн алгачкы бетин окуур замат дене-боюм чымырады. Бул кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, катаал жылдарда кыргыз мамлекетинин башында туруп, өлкөнү көрөгөчтүк жана акылмандык менен башкарган (сезимтал жана абдан көп окуган Жусуп кээде сезимге, көзү менен көргөн чындыктын таасирине алдырган, жаңылган учурлар да албетте, болгон) Жусуп Абдрахмановдун өз колу менен кагаз бетине түшүргөн атактуу “Күндөлүктөрү” болчу. 365 барактан турган көлөмдүү китепти бир жарым айдын ичинде которуп чыгуу милдети жүктөлгөн соң журналисттик жумушумду да токтотуп, баш-отум менен китепти которууга кириштим. Бул легендарлуу, эл бактысына бир жаралган, чагылгандай жарк деп жанып-өчкөн, өмүрүнүн соңку күндөрү трагедияга толгон кыргыз уулунун арбагы колдоосун ичимден суранып, китепти кыргызчалатууга кириштим.

 

Революционерден мамлекеттик ишмерге чейинки жол

Жусуп Абдрахманов Совет бийлигин бекемдөө үчүн болгон күрөштө коммунисттик партиянын катарында “дүйнөлүк өнүгүүнүн эң зор ылдамдыгынын” шарттарында ири мамлекеттик ишмер болуп өсүп-жетилди. “Бул жыйырма жыл аралыгында, — деп жазат ал 1922-жылы, — калкынын саны миллиард жана андан ашуун болгон өлкөлөрдө революция башталды жана жеңилгис күчкө айланды…”

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда Күңгөй-Аксуу болуштугунун (азыркы Ысык-Көл облусу) Чиркей айылында манаптын (бийдин жана болуштун)  үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Сазановка айылындагы (азыркы Ысык-Көл районунун Ананьево айылы) Касым Тыныстанов, Х.Жээнбаев, Ш.Забиров (кийин БК РКЖП БКнын (Россия жаштардын коммунисттик партиясы) мүчөсү жана Жаштардын Коммунисттик Интернационалында (ЖКИ) Түркестан жаштарынын өкүлү болгон жана башка көрүнүктүү ишмерлер окуган орус-тузем мектебинин 3-классын аяктайт.

1914-жылдан баштап Ж. Абдрахманов окуусун Каракол шаардык жогорку башталгыч мектебинен улантып, 1916-жылкы үркүндүн айынан аны бүтпөй калат.

Атасы, энеси жана башка жакын туугандары (баары 7 киши) 1916-жылы Эңилчек ашуусунда татаал жолдун азабын көтөрө албай каза болушат. 1917-жылы Кытайдан кайтып келген боз улан Каракол гарнизонундагы офицерлердин аттарын, короосун карап, жашоого каражат тапкан. Подполковник Бычков аны Верный шаарына алып келет. Бул жерде Совет бийлиги орногондон кийин (1918-ж.) буга чейин облустук статистикалык башкармалыкта регистратор болуп иштеп калган Жусуп Абдрахманов Морозовдун кызыл гвардиялык отрядына кошулат.

Отуз жашка толгон күнүндө Жусуп, башка социалдык чөйрөдөн чыгуу менен, октябрь революциясына ойлонбой туруп ойлорун байлап, чын дили менен жана түбөлүккө келгенин жазат.

 

Аялдарды ашык кылган сымбаттуу кыргыз жигити

Жусуптун күндөлүктөрүн окуп олтуруп андан алысты көрө билген мамлекеттик ишмерди гана эмес, дүйнө чабыты кең, китепти көп окуган жана дайым өзүн-өзү өстүрүү жолунда жүргөн ойчул инсандын элесин көрдүм. Анын баскан-турган чөйрөсү, пикир алышкан достору, сүйгөн аялзаадалары да тандалган ак сөөктөр коомунан болуп, Москвага бат-баттан каттаган Жусуп Борис Кушнер, Владимир Маяковский, Лиля Брик сыяктуу орустун адабият, маданият ишмерлеринин тандалма чөйрөсүнө аралашып, атүгүл Маяковскийдин сүйгөн асылзаадасы Лиля Брикти өзүнө ашык кылган жайы бар. “Элдердин достугу” басылмасына чыккан (“Лиля Юрьевна Брик тууралуу бир нече ооз сөз”) деген макалада алардын мамилеси мындайча сүрөттөлөт: “Брик Л.Ю. (1891-1978) – В.В. Маяковскийдин досу жана аялы. Сталин “Маяковскийдин аялына тийбейбиз” деген сөздөр менен анын фамилиясын Ежов даярдаган камакка алынуучулардын тизмесинен чийип салган. Василий Катанян өзүнүн “Лиля Брик. Жашоо” деген чыгармасында (ЗАХАРОВ басмасы. Москва. 2002) мындай дейт: “1929-жыл аяктап жаткан. Лиля Маяковскийдин жыйырма жылдык чыгармачыл кечесин, көргөзмөсүн Гендриковдордун үйүндө белгилөөнү чечти. Көптөгөн коноктор чакырылды жана бул кече бир нече мемуарларда бир канча жолу жазылган – кайталап отурбайын. Юбилярды шаңдуу куттукташты, меймандар бийлешип, Мейерхольд менен анын аялы, актриса Зинаида Райх алып келген костюмдарды кийип алышты, бирок кеченин күнөөкөрү кайгылуу отурду жана мунун себептери көп эле. Ошондон бир аз мурда Л.Ю. өң-келбети башкача, сымбаттуу кыргыз Жусуп Абдрахмановго ашык болуп калганы бар. Бул Москвага келген Кыргызстандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери эле. Ал “лефовчу” Борис Кушнер менен кандайдыр бир иштери болуп, ал аны Гендриковдордун үйүнө алып келиптир. Лиля Юрьевнадан башка эч ким ага кызыкпады. Майда шуру басылган тебетейин башынан албастан, ал анын артынан Ленинградга чейин барды, алар музейлерге киришип, Павловскиде сейил курушту… Жусуп Лиляга ал абдан жакшы көргөн дубалга илинүүчү килем белек кылды. Лиля аны Маяковскийдин Гендриковдукундагы кечесине чакырды жана Жусуп ал жерде өздөр арасындагы жалгыз чоочун жан болду. Ал Маяковскийге республиканын өнүгүү символу болгон жыгач кой белек кылып жана акындан ырларында аны унутпоону өтүндү. Владимир Владимирович белекти түнөрүү менен кабыл алып, алыс жакка таштап койду.

Жусуп Лилядан суктанган көздөрүн алалбады, Лиля акын ага Парижден алып келген жарым жылаңач көйнөкчөн эле. Маяковский Лиляны коноктордун арасында ал ошол мезгилде ашык болуп калган Нора Полонская бар экенине карабастан, ачык эле кызганып жатты. Анысы болсо, бир кечеден кийип келген толкундуу чиймелери бар ачык-кызыл көйнөгүнөн тартынып жатты. “Дал ушундай болушу керек, — деди Лиля, — бүгүн Володянын майрамы жана Сиз абдан сулуу болушуңуз керек”. Лиля өзүн баары жайында дегендей карманып жатты, Маяковский болсо, Лиля Жусуптун жанында отуруп, Жусуптун канжасынын сабын абдан тазалап туруп, оозуна салып тартканын карабаска аракет кылды…”.

 

Соңку сөз

“Бийиктик” басмаканасынын директору, бул китептин чыгышына жан аябай чуркаган ак дил адам Жумадин Кадыров китептин бир нускасын алып Жусуп Абдрахмановдун кызы, ошол катаал күндөрдүн тирүү күбөсү Ленина Абдрахмановага алып барышканда, эже көз жашын токтото албай, “мен ушул күндөргө чейин жашадым” деп жашыганын айтты…

Назгүл Осмонова