30-июнда президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери үчүн курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты. Туңгуч кичи районунда жайгашкан бул үйлөрдүн курулушуна республикалык бюджеттен 261 миллион сом бөлүнгөн. 162 батирден турган үч үйдүн 36сы үч, 54ү эки, 72си бир бөлмөлүү батирлерден турат.
Алмазбек Атамбаев жаңы турак-жайга ээ болуп жаткан ӨКМнин кызматкерлерин куттуктап, бул күн өзү үчүн да майрам болуп жатканын билдирди. “Акыркы жылдары бир гана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес башка министрликтин кызматкерлерине да үй берилип жатат. 20-30 жылдан бери үйү жок жүргөн мамлекеттик кызматкерлерге жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатабыз”, — деди мамлекет башчысы.
Президент кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, ошондой эле Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу ведомствонун 7 кызматкерин Президенттик саат менен сыйлады. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жаңы үйлөрдүн алдына балдар үчүн аянтчаларды курууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды.
Алмазбек Атамбаев 3,5 айдан кийин жаңы президент шайлана турганын белгилеп, жарандарды добушун сатпоого чакырды. “Үч жарым айдан кийин жаңы президентти шайлайсыңар. Ушул жолдон тайбай турган адамды шайласак. Кыргыз эли миңдеген жылдан бери тилибизди, дилибизди сактап келдик. Кыргыз эли азыр биригиш керек. Бөлүнбөшү керек. Азыр болсо айылды бөлөйүн дегендер бар. Сепаратисттердин жанында жүргөндөр “менин паспортума кыргыз деп жазбасаңар кыргыз болбой калам” деп кыйкырып жүрөт. Булар ансыз деле кыргыз эмес. Эмне Манас атабыздын паспорту бар беле? Добушубузду сатпашыбыз керек”, — дейт президент.
Өлкө башчысы Кыргызстандын келечеги жаңы муундарда экенин билдирип, элди эмгектенүүгө чакырды. “Бизге Кудай дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат. Бир эл, бир кол, бир муштум болуп бирдиктүү болушубуз керек. Бөлүнгөндөрдү ордуна коюш керек. Биздин келечек – биздин балдарыбызда. Алар биздин байлыгыбыз. Күчтүү мамлекеттер бар, алардын эли абдан жөнөкөй. Бизде болсо тескерисинче. Эл өзү да эмгектениши керек. Тилекке каршы, эмгектенүү боюнча статистикаларда башка өлкөлөрдөн калып келебиз”, — дейт президент.
Сөзүн андан ары улаган мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып жаткандарга караганда кыргыз паспортун алууну каалагандар эки эсе көп экенин билдирди. Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев акыркы кезде климат өзгөрүп, өлкөдө жаратылыш кырсыктарынын саны көбөйүп баратканын белгилеп, турак жайды камсыздандырууга чакырып кетти. “Эки жыл мурда турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын шарттары боюнча айына 50 сом төлөп, кокус табигый кырсыктан улам турак жай урап калса, үйдүн курулушуна жарым, бир миллион сом алууга болот. Айрымдар ошол шарттарды да сактабай жатканы – жакшы эмес. Өз келечегибизди ойлошубуз керек. Кудай сактанганды сактайт”, -деди президент.
Президент алты жылдын аралыгында мамлекет адамдарга жардам берүү, жарандарга камкордук көрүү менен алектенип келди, бирок азыр өлкө өзүн өзү багышы керек, ал эми адамдар мамлекет тууралуу камкордук көрчү мезгил келди, анткени, күчтүү мамлекет болбосо өлкөнүн жаркын келечеги болбостугун баса белгиледи.