Эки күн мурун почта бөлүмүнө эртелеп барып калдым. Таң азандан пенсиядагы кемпирлер толуп алыптыр. Карасам баары эле светтин акчасын төгүүгө кезек күтүп жатышкан экен. Мен дагы ошол “миссияны” аткарууга кайрылгам чынында. Анан суроо сала кеттим жөн турбай. —Айткылачы, электр энергиясынын берилишине нааразычылыктар жокпу? Тогуз жыл мурдагы азаптын бирин көрбөдүк. Шүгүр дейли, светибиз өчкөн жок, үйүбүз жарык, бөлмөлөрүбүз жылуу деп кобуранды балпайган орус кемпир. Башкалары да туура айтып жатат дегендей баштарын ийкешти.
Ырасын айтып коюш парз. Акыйкатта эле Бакиевдин заманы таптакыр артта калды. Кезек менен жарыктандыруу болгонун жаман түш сыңары унутуп баратабыз. Кээде зарылчылык чыгып калганда күндүз светти өчүрүшөт, кечинде кайра жандырат. Көрсө биринчи кезекте тармактын башына элге күйгөн, өз ишин жакшы билген жетекчи келиши кажет тура. “Североэлектронун” чоңу Искендер Кадыркуловдун командасы үзгүлтүксүз жарыкты берүүгө умтулганы ачык байкалып калды. Ошондуктан баштагыдай жаман сөздү жаадырмай сээлдеп кеткени жакшы жышаан десек болот. Элдин турмушу азыр электр энергиясына көз каранды. Ава, суу сыяктуу жарыкка, жылуулукка калк муктаж. Ансыз бир да жумушуң бүтпөйт. Болгону кагазы келер менен карыз акчаны төлөп турууга ар бирибиз милдеттүү экенибизди эстен чыгарбасак. Эгерде жалпылап ушул ишке маани берсек, эскирген электр жабдууларды, чубалгыларды, трансформаторлорду сатып алууга, алмаштырганга салым кошкон болобуз. Кайдыгерликтен кутулсак дайыма жарык, жылуу үйдө тиричилик жасоого шарт түзүлөт.
Булак: Ачык сөз