Кыргызстандын алтынын көп жылдан бери казып, көбүн Канадага ташып кетип жаткан «Центерра» компаниясыны пандемия учурунда кыйналып турган элге, мамлекетке сезилерлик жардам кылбады. Жардамга муктаждарга азык – түлүк, же дары –дармек таратпады. Ал тургай «Центерранын» жетекчилиги Кумтөрдө иштеген кызматкерлердин саламаттыгына деле көп көӊүл бурбаптыр. Эмнеге дегенде, азыркы учурда ооругандар боюнча Ысык-Көл Бишкектен кийинки экинчи орунда. Себеби, эс алгандар көп барып жатышат деген башкы маселе бар. Бирок Жети-Өгүз районунда жана Каракол шаарында облус боюнча ооруп жаткандардын саны көбөйдү. Деги бул райондо туризм анчалык өнүккөн эмес, эс алгандар аз. Белгилүү болгондой аталган райондун тургундарынын көбү Кумтөрдө иштешет. Ошол Кумтөрдөн вирус жуктуруп алып, дарылангандар көп экени боюнча маалыматтар тарап жатат. Албетте, бул бекеринен эмес. Кумтөр эмне үчүн элге жардам бербейт? Же жумушчуларына эмне үчүн жакшы шарт түзүп, вирустан сактабайт? Кумтөрдү иштеткен «Центерранын» бул кылыгы элге кылган кыянатчылык эмей эмне?