“Электр станциялары” ачык акционердик коому курал жарак жана ок-дарылары сатып алып жатат. Бул тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Аталган маалыматка караганда компания беш «Сайга-М3» карабинин, беш 12 калибрлүү “Сайга” мылтыгын, үч «Иж-71» тапанчасын жана алардын огун сатып алмакчы. Буга 921 миң 424 сом сарптайт.
“Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматынан куралдар менен ок-дарылар объектерди коргоо үчүн алынып жатканын маалымдашты.
“Биздин баардык объектилер- ГЭС жана ТЭС стратегиялык болуп эсептелет. Аларда мамлекеттик дагы, ведомстволук дагы куралдуу күзөтчүлөр турат. Дал ушул куралдуу күзөтчүлөргө курал сатып алып жатабыз”, -деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.