Домой Аналитика Элдин тапканы, менин тапканым! Кадам ушул…

Элдин тапканы, менин тапканым! Кадам ушул…

141

чөнтөктөгү доллар, акчаБиздин чакан мамлекетти сыртынан карасаң, дурус эле абалы көрүнгөнсүйт, кадимкидей эле мамлекет дегендин аты-заты менен жашап жатат: Жери бар, Эли бар, Герби, Желеги, Гимни бар, БУУга мүчө, Евразиялык биримдиктин катарында, ОДКБнын мүчөсү, ондогон мамлекеттерде элчиликтерибиз иштеп жатат… жаңы өкмөт курамын түзүп алдык, жаңы спикер шайланды, кендер казылып, эгин айдалып жатат, сансыз университеттерде студенттер башын китептен «көтөрбөйт», депутаттар күнү-түнү «мыйзам туудуруп» күдүңдөп иштеп жатат, бандиттер ооздукталып жатат… жана башка «жаткан» көрүнүштөр толтура… «тышы жалтыракка» сан жетпей көз тайгаланат!

Анан бир азга демди басып, мамлекетибиздин ички болгон-толгон абалына саресеп салып турсаң, жакшыга чанда жолугуп, карыш бассаң жаманга мүдүрүлүп турушуң бар. Ошондон арбын айтып, бири-бирибизди «сен быкыйлап» турбасак болбойт. Жаман көрүнүштү айтканың — жакшыга жол алганың деп да коёбуз. Андыктан «ооруну жашырсаң — өлүм ашкере кылат» дегенди дилден сан ирет кайталап, сайрап туруунун зыяны жок… бирине болбосо, экинчисине пайдасы тийет…

«Ушул жолку парламенттик шайлоо аябагандай таза өттү» деп айтпаган жетекчибиз жок, алардан кийинки чиновниктер тегизи менен ошол пикирде. Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок. Тигилердин “шайлоо таза өттү” дегени биометрикалык тизменин колдонулушу, пачкалап бюллетень салбагандык, “карусель” дегенди колдонбогондук болду окшойт. Ал эми добуштун баары-баары акчага сатылганын кайда катып куурайбыз?! Эл баарын билип турат: акча таратуу боюнча биринчи орунду “Республика-Ата Журт” партиясы алды деп жумурай журт айтып турбадыбы. Парламентке илинген КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партияларынын эч бири акчасыз өткөн жок! Аны ким танат? Кудайдан жөө качкан неме эле танбаса, дени-карды соолор тана албас! Эми ошол парламенттегилер “биз таза шайлоо менен келгенбиз, бизди деген эл шайлаган” деп уялбай эле айтып турбайбы. Чын-чынына келгенде парламентте олтургандардын 80%ын эл эч качан шайламак эмес, көбүнө түрмөлөргө “путевка” бермек! Акаев менен кошо жешип, азыр байлыгын батыра албай жаткан Кубанычбек Жумалиевдин депутат болуп олтурушу абийирсиздик го! Баса, жогорудагы партиялардан акча чачуу боюнча ашса ашкан, болбосо кемибеген “Эмгек-Бүтүн Кыргызстандын” ошол “эмгеги” талаага кетти! Ал ал болсун…

Кыргызстанда далай кылыктарды жасаганы менен хан менен бектей өмүр сүрүп келген Азиз Батукаев деген бандитти “бүгүн өлөт, эртең өлөт” дебатышып 2013-жылы апрелде Чечнясына бошотуп жиберип жатышпайбы. Жолдо дагы бир бандити чыга калып, атып салбасын деп Нарындан “Манас” аэропортуна чейин узатып баргандарын кантесиң?! Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында болбоптур. Аны качыргандардын бири Турсунбек Акун дегениң мына азыр да “менден таза киши жок” деп элге “акылынан” арбын айтып басып жүрөт. Батукаевди качыргандардын аттары кайра-кайра саналат, алардын бири дагы жоопко тартылган жок. Кээ бир маалыматтарга караганда Батукаев азыр Россиянын “ворлору” менен жакшы мамиледе болуп, кыргыз тарапты шылдыңга алып коюп жашап жатат. Өткөндө Башкы прокурор Индира Жолдубаева айтты го: “Россияга Батукаев жөнүндө көп эле суроо-талаптарды койдук, жообу жок” — деп. Ушундай да болот экен ээ?! Бир бандитти мамлекеттик деңгээлде качырып жиберип, эми кайра алып келе албай жаткан. Анекдот да мындай болбойт! “Батукаев аздан кийин өлөт” деп анализ чыгарып берген абийирсиз догдурлар да эч кандай жаза албайт. Анткени, Батукаев эми анализ тапшырбайт! Биздикилер темтеңдеп “анализ тапшырсын” деп суранган го, орус бийликтеринен, ошондо Батукаев баш бармагын сөөмөй менен ортондун ортосунан олчойто чыгарып туруп көрсөтүп коюптур! Мына сага! Бир эле бандит бүтүндөй бир өлкөгө көрсөтпөчүнү көрсөтүп жатпайбы! Намысыбыз деле калбай калды го!

Бизде кылыкты кылып коюп качып кетип жыргап жашай берсе боло тургандыгын Акаев менен Бакиевдер сонун далилдеп берди. Кыргыз тарыхында чанда кезикчү мыкаачы Жаныш Бакиев дегениң таптакыр эле “аппак болуп”, күнөөнүн баарын азыркы бийликке шылтап коюп жашап жатканына кайсы баа?! Аны Садыркуловду өлтүрткөнү үчүн эле  атып салууга болот эмес беле!

Элдин ырыс-кешигин алып кетип жашап жаткан ондогон кылмышкерлерди жерибизге алып келүүгө мамлекетибиздин чама-чаркы жетпей жатат. Атаганат, тырнактай жери, уучка толбогон эли бар Израилдин “Массад” деген жашырын кызматындай кызматыбыз болгондо эмне. Билгендердин эсиндедир, 1972-жылы Мюнхен олимпиадасында палестиналык террорчулар Израилдин ончакты спортсменин барымтага алып өлтүрүп, анан качып кетишкен. Ошондон баштап Израилдин жашырын кызматынын адамдары баягы террористтердин аты-жөнүн аныктап, дүйнө жүзүн түрө кыдырып издеп таап, бирин калтырбай өлүм таптырган. Бул жөнүндө кино да тартылса керек… Ушул тапта бизге ошондой кызматтын зарылдыгы сөзсүз бар. Муну да айта кетели: ошол эле израилдиктер Аргентинадан болсо керек, Экинчи дүйнөлүк согушта далай еврейди кырган фашист-немисти таап, ошол жактан алып келишкен, тигиге укол сайып, мас деп шалактата жетелеп самолетко салып. Атаганат, биздин жашырын кызмат деле Максим, Жаныш деген жаналгычтарды, бүтүндөй Бакиевдерди, Акаевдерди, Ширшов, Балкыбеков, Сулайманов деген коррупционерлерди  алып келип түрмөгө тыкса элдин деми суубайт беле…

Акча деген азыткы жалпы кыргыз журтчулугун тизелетип бүттү! Нечен бир чоң кызматтардагы, азамат деген атты алып жүрүшчү немелер акчанын алдында бүжүрөп, аброю менен абийирлери кетип олтурат. Түлеев, Келдибековдорду айтып не?! Кийинки эсептегилерден Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Арпачиевдин 100 миң доллар пара менен кармалышы аябагандай күтүүсүз окуя болду. Анткени, аталган кызмат Башкы прокуратурадагы, дегеле бүтүндөй күч структураларындагы чоң кызматтардын бири. Ал Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдон 200 миң (!) доллар пара сурап, 100 миң долларын алып жаткан жеринен Улуттук коопсуздук комитетинин жигиттери тарабынан кармалган. Окуя 2015-жылы 24-мартта болсо да сот бүтпөй келатат. Мыйзамды жакшы билген Арпачиев суракта таптакыр эле жооп бербей жатат дешет. “Дудук” болуп берсем, кутулуп кетем деген ою бар го. Жок, аны кутултпаш керек, болушунча катуу жазалаш керек! Бул окуядан мурун бүтүндөй мамлекетти “кыймылдаткан” окуя болбодубу. Ал — президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин пара менен, ага ортомчу болгону үчүн мурунку депутат Хаджимурат Коркмазовдун кармалышы. “Ээ кокуй наалаты, заман эмне болуп барат, президенттин ишенген биринчи адамы пара менен кармалса” деп чууну салдык, бу заманга ишенген адамдар “нокаут” алгандай абалда калдык, бул чындык!

Өкмөттүн аппаратынын бөлүм башчысы Алтынбек Муралиев чыккынчылык кылды деген айып менен кармалган. Анын кармалганына эки жылдан ашса да соту бүтө элек. Анткени, анын атасы — мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев уулун бошотуп алуу үчүн сот ишин создуртуп, ар түрдүү жол издеп жатат дешет. Уялып, намыстанып коюңуз: чыккынчылар Өкмөтүбүздө да бар экен!

Мамлекеттик каттоо кызматынын департамент башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев миңге жакын кытайды бизде жашоого мыйзамсыз улуксат берип, камакта жатат, арбын акчага тунган да… Ага кылмыш иши козголгондо качып кетти эле, из кубарлар кармап келишти. Эми ал абийирсиз “дурус” соттолот!

Аида Салянова Башкы прокурор болгондо жалпы журт колдоп турду. Ал дагы дурус иштеп келе жаткан. Анан бир күнү эле карачечекей күйөөсү Бакыт Абдыкапаров пара менен кармалып, Салянова айымды жер сүздүрбөдүбү! “Мен мындай жогорку иште иштеп жатсам, сен кекиртегиңди тый” дегенге жарабаптыр го. Абдыкапаровду шарттуу түрдө кесимиш этишти… Кийинки прокурорубуз Индира Жолдубаеванын бир тууган иниси Казакстан чек арасынан баңгизат менен кармалып, соттоло турган болуп жатат. Бул дагы оңой эмес окуялардан болуп калды!

Өлүм менен аяктаган пара алуу да болду. Бул окуя да катуу чууну жаратып, мына бүгүнкү күнгө чейин басыла элек. Медакадемиянын аппарат башчысы Абдыкерим Гапаров пара алып жаткан жеринен кармалып, жүрөгү токтоп калган. “Муну душмандар уюштурду, пара берди деген орус 2010-жылы эле Россияга кетип калыптыр, анан кайдагы параны бермек эле”  деп туугандары, жакындары айтып жатты эле, тигил орус кетип кайра келген неме экен. Арендага жер алганын, ага Гапаров пара талап кылганын, анан аны алпарып бергенин тиешелүү жерге төкпөй-чачпай айтып бербедиби. Медакадемиянын ректору Ашыралы Зурдинов жөн жүрбөгөн неме экен, ызы-чуусу көп. Мындай адамдарды өзүн да кыйнабай, тегерегиндегилерди да кыйнабай акырын гана кызматтан алып койгондон башка жакшылык жок… Экс-депутат Урмат Аманбаева Биринчи май райсоту тарабынан 9 жылга кесилген. Ал мамлекетибизден 17 миллион жеп жибериптир. Аманбаева райсоттун чечимин туура эмес таап, шаардык сотко кайрылды эле, ал мурунку чечимди өзгөрткөн жок… “Кыргызалтындын” деректири Дилгир Жапаров канадалыктарга мыйзамсыз 200 млн. доллар которуп жиберип, камакта жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиев дегениң кайсы бир кылмышын жаап салса деп милийсага 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалып 6 жылга соттолду.

Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорунун чарба иштери боюнча орун басары Нурзак Асанбеков деген неме кылмышын жашырыш үчүн милийсаларга 100 миң сом пара бермек болуп кармалган. Кызыгы, бу чарба иштери боюнча проректор бүтүндөй университеттин бийлигин колуна алыптыр. Ректор Чынара Адамкулова ага мындай укукту эмне үчүн бергендиги алигиче тактала элек…

Дагы кайталайлы, элдин баары билген жана карыш бассаң кезиккен бузук нерселерден айта берели да, андайды айткандын эч качан ашыгы болбойт: азыр кандай гана курулуш болбосун соо курулбайт, андан сөзсүз түрдө жеп турушат. Бул жазылбаган мыйзам сыяктанганы менен кадимки эле Конституциябызда жазылып калгандай. Мектептин, спорт залдын, бала бакчанын, суу  түтүгүнүн, клубдун, ишкананын, жолдун ж.б. курулушунан улуп-жулуп алып турушат. Тигине, жакында эле Балыкчы-Корумду жолу боюнча чыр болду, туура эмес тендер өткөзгөн мурунку транспорт жана байланыш министри Малабаев жана анын биринчи орун басары Улан Уезбаев экен. Анан дагы “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев дагы кошумчасын кошуптур го… Алардын айынан дурус иштеп жаткан премьерибиз Темир Сариев кетип тынды, кетиришти дейличи. Азыр тың иштеген адамдар ишинде көп кармалбайт! Ушундай бир “ит оору” пайда болду..

(Уландысы кийинки санда)

Баратбай Аракеев