Домой Коом Элди түндүк-түштүк деп бөлгөн Сыдыман убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Элди түндүк-түштүк деп бөлгөн Сыдыман убактылуу кармоочу жайга киргизилди

137
Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык Октябрь РИИБине блогер Сыдыман (Элмир Сыдымановдун) “расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу” беренесине шектелип кармалганын жана тергөө бөлүмүнө жеткирилгенин жазган элек. Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы анын  убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

“313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү 1997-жылы туулган Сыдыман.Э экени аныкталып, кылмышка шектүү  жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат”, – дейт Октябрь РИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Айбарчын Батырбекова.