Домой Коом Элчилик Россиядан сөөк жөнөтүүнүн жол-жобосун айтты

Элчилик Россиядан сөөк жөнөтүүнүн жол-жобосун айтты

46

Кыргызстандын РФтеги элчилиги Россияда каза болгон КР жарандарынын сөөгүн жөнөтүүнүн жол-жобосун түшүндүрдү.

«Бүгүнкү күндө Россияда каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгүн транзит менен Казакстан аркылуу мекенине алып келүүгө уруксат берилген. Россия жана Казакстан менен жетишилген макулдашуу боюнча Жүк-200 бардык документтери менен атайын жабдылган автоунаада маркумдун жакын тууганынын коштоосу менен жеткирилет», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик 17-марттан ушул күнгө чейин Россиядан Кыргызстанга 17 сөөк жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Россиядагы кыргызстандыктар ар кандай маселелер менен өкүлчүлүккө төмөнкү телефондор аркылуу байланыша алат:

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 (WhatsApp номер);
  • +7 (925) 387 45 97 (WhatsApp номер);
  • +7 925 103 29 11 (WhatsApp номер).