Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтө турган КР Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын отурумунда КР Премьер-министрлик кызматына Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун талапкекрдиги сунушталат. Бул тууралу KyrgyzToday.kg порталы билдирди
Аликбек Жекшенкулов эч бир партияда жок, нейтралдуу талапкер катары тандалып алынган.
Ал эми Садыр Жапаров бийлик үчүн күрөштөгү каршылашкан тараптардын бири болгондуктан бүгүнкү тирешүүдөн жеңүүчү катары чыгуу менен жаңжалдын очогу болуп кала бериши мүмкүн.
Коомчулукта бул кызматка Узарбек Жылкыбаевдин жана Таалат Масадыковдун ысымдары да айтылууда.