Домой Коом Эл улуттук музейдин тегерегин темир менен тосконго каршы

Эл улуттук музейдин тегерегин темир менен тосконго каршы

215

Бишкектеги улуттук тарых музейин капиталдык ремонттон өткөрө коёбуз дешкен эски жана жаӊы бийликтин билермандары миллиондогон каражатты сол чөнтөккө солошкон. Ошол учурда өлкөнүн бир бурчун чоюп атам деп ойлошкон айрым аткаминерлер бул кылмыш иши боюнча жооп бере элек. Кээ бирлери кесилип кетти. Андан бери музей ачылбай бек турат. Шайлоо учурунда кайрадан жанданып, шаша-буша тегерек четин Ак -үйдүкүндөй кара темир (кара жолтой десе да болот) менен тосуп жатат. Бийликтин мындай «гениалдуу» ишине жалпы коомчулук каршылыгын билдирип, катуу сындап башташты. Канча жылдан бери Ак-үй баштаган маанилүү мамлекеттик имараттардын тегерегин кара темир менен курчап салышкан. Эл бул маселени айтып, сындап эле келатат. Бирок эч бир бийлик укпады. Ак-үйдүн кара жолтой темири атка минерлерге оомат алып келген жок. Ошол темир тордун курчоосунда камалып алышып, өлкөнүн казынасын каалашынча жеп жатышат. Карапайым калыӊ эл болсо, ошол жеп-жутарлардан кутулабыз деп эки ирет кан төгүлгөн революцияларды жасады. Бул маӊкурттарга канча айтса да сөз жетпейт экен. Азыр шайлоого катышып жаткан партиялардын ичинен жалгыз гана «Замандаш» партиясы Ак — үй баштаган мамлекеттик мекемелерге тосулган темирлерди алып салуу талабын айтып жатат. Калгандары бул боюнча кеп козгогон жок. Эл болсо кара темириӊди да, өлкөгө өнүгүү алып келбеген Ак — үйүӊдү да көргүсү келбей калды, деги бул шумпайларга бул сөздөр жетеби?

 

Булак: Багыт гезити