Домой Саясат Эл президент Алмазбек Атамбаевдин ролуна татыктуу баа берген күн келет

Эл президент Алмазбек Атамбаевдин ролуна татыктуу баа берген күн келет

147

8b582fe6a87f7f32412d3d2d8ba30bc0

Кыргызстандын президенти А.Ш.Атамбаевдин 2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө” жарлыгы Кыргызстандын жаңы тарыхындагы тарыхый кадам болуп саналат жана аны өзгөчө белгилөө кажет. Көпчүлүк дүйнө элдери үчүн ата-бабаларга сыйынуу, аларга таазим кылуу ар дайым алардын көз карашында баштапкы даражада болуп келген жана боло берет.  Кыргыздар турмуштун ар кандай шарттарында Жаратканга жана ата-бабаларынын арбактарына кайрылып келишкен. Бүгүн да мамлекет башчы расмий түрдө бул тууралуу билдирип, ал гана эмес ата-бабаларды эскерүү күнүн аныктап койду.

Кыргызстан жана кыргызстандыктар үчүн бул күндөр келечекте бардык жагынан алганда өзгөчө болуп калышы керек. Жада калса бул тууралуу адам катары ой толгоп көрсөк, биз ата-бабаларыбыздын аркасынан жарык дүйнөгө келип, алардын артынан жашап жатабыз. Биз, чындыгында аларга ыраазы болушубуз зарыл. Бул жалпы адамзатына таандык түшүнүк. Ошондуктан, менимче, бул маселеде талаш болбошу керек.

Жарлыкта көрсөтүлгөн 1916, 1917 жана 1937-жылдар тууралуу маселе башка. Дагы бир ирет белгилей кетсек, ХХ кылым кыргыз элинин жана Кыргызстандын өнүгүшүндө ар тарабынан тарыхый болуп калды. Ошондуктан мен мурдагы Совет өлкөлөрүнүн көпчүлүк үй-бүлөлөрү сыяктуу эле, мага жана менин үй-бүлөмө тиешеси бар датага токтоло кетким келет.

Кеп менин чоң атам Шертай (1914-2016) Суванов тууралуу болмокчу. Ал Кең-Суу айылынын мугалими жана райондун активдүү комсомолу болуп туруп, окуучуларын К.Тыныстанов, И.Арабаевдин китептери менен окутуп, С.Сейфуллин, С.Карачевдин чыгармаларын окуп бергени үчүн камалып, 1937-жылы көпчүлүккө белгилүү болгон РСФСР КК 54-беренеси боюнча, “саясий”, “эл душманы” катары соттолгон. Өзүнүн курчтугу менен ал жаштык жылдарын Пржевальск, Фрунзе абактарында, андан соң 1937-1949-жылдары Магадан облусундагы концлагерде өткөргөн. 12 жылдан кийин гана мекенине тирүү кайтып келген. Үйүнө кайтып келгенден кийин да ал “саясий”, “жараксыз”, “эл душманы” катары саналып, 1994-жылы гана реабилитацияланган.  Буга карабастан, ал көп жашап, тогуз баланын атасы, чоң ата, баба болуп, 102 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө” күбө болбой, ушул күндөргө жетпей калганы мен үчүн өкүнүчтүү. Бирок ал өзүнүн жана СССРдин көптөгөн жарандарынын башына түшкөн ошол катаал күндөр жана каргашалуу жылдар тууралуу өзүнүн эскерүүлөрүн калтырып кетүүгө үлгүрдү.

Дал ушул себептен улам, мен президент А.Атамбаевдин азыркы демилгесин ар тараптуу колдойм! Биздин ата-бабаларыбыз коргоп, урпактарыбыз ыраазы болушсун! Мен бул чечимдин баасы мамлекеттик жана геосаясий деңгээлде өтө кымбатка турду деп эсептейм. Мында өлкөбүздүн мамлекеттик лидеринин саясий эрки зор роль ойноду.

Манасчы катары, манас таануучу-илимпоз катары мен жарлыкта орун алган президенттин башка демилгесин өзгөчө белгилеп кетким келет:  кеп Ленин чокусун Манас чокусуна атын өзгөртүү тууралуу болуп жатат. Чындыгында, бул Кыргызстандын кылымдарды карыткан тарыхы көрсөткөн туура чечим. Мында антикоммунисттик, антисоветтик жана мыйзамга каршы эч нерсе жок. Кыргызстандын эли 1917-жылдагы социалисттик революцияга, В.И.Лениндин өзүнө ыраазы. Анын жардамы менен биз эркиндикке, өнүгүүгө жана элибиздин гүлдөп-өсүшүнө жетиштик. Ал гана эмес, балким, В.И.Лениндин  жана анын идеяларынын арты менен кыргыз эли Россия Падышачылыгынын колониялык саясатынан кутулган. Ушул күнгө чейин Кыргызстандын борборунда жана облустук борборлордун көптөгөн аянттарында кыргыз элин колониализмден жана кыйроодон куткаруучу катары В.И.Лениндин эстелиги турат. Бул элибиздин калктын, эркиндиктин жана көз карандысыздыктын кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөгөндөргө ыраазы боло алаарын айтып турат.

“Манас” эпосу тууралуу айта турган болсок, ал Кыргызстандын элинин руханий өзөгү, улуттук коду, ал эми Манас өзү эпостун каарманы, кыргыз элинин коргоочусу. Ушундан улам биз — Кыргызстандын эли бул жарлыкты бардык тараптан колдоп, аны келечекте ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүбүз кажет. Учурда биз бул демилгенин маанилүүлүгүн түшүнбөй жатсак да, элибиз түшүнөр гана эмес, Кыргызстандын азыркы башчысына татыктуу баасын берип, бүгүн алар үчүн жасалган аракетке ыраазы болор күн келет деп ишенем.

 

Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы, манас таануучу legal nizagara online.