Домой Коом Эл менен акимди тирештирген кен чыры

Эл менен акимди тирештирген кен чыры

124

Ноокат районунун акими менен Исанов айыл өкмөтүнүн эли таш чыгарган кендин айланасында жаңжалдашууда. Эл таш өндүргөн фирма ишин токтотуусун талап кылса, аким аларга уруксат бергенин айылдыктар айтышты. 

Быйыл жыл башында Ноокат районунун Исанов айыл өкмөтүндө жайгашкан Түлкү-Дөбө деген адырды «Аль-Фаида» ЖЧКсы таш чыгаруучу фирма ачуу үчүн уруксат алган. Аталган айыл өкмөттүн Байыш айылынын тургуну Рустам Рыскуловдун «Т-Медиага» билдиргенине караганда, фирма ал дөбөдөн чыккан таштан асфальт жана курулуш иштерине керектүү материалдарды иштеп чыгармак болгон.

«-Биз бул фирма иштейт деп уккандан кийин Исанов айыл өкмөтүнөн 25 адам чогулуп,Ноокаттын акими Давранбек Маматалиевге бардык. Арыз жазып 800 адамга кол койдурганбыз. Максатыбыз Түлкү-Дөбөдө эч кандай фирма иштебесин, кен иштетилбесин дедик. Ал бизге өкмөттүн 2019-жылы февраль айында №43 токтому чыккан. Ошонун негизинде уруксат бердим деди. Биз эмнеге эл менен макулдашпай туруп уруксат бересиңер деп талашып тартыштык. Аким менен 7-8 саат тартышканыбыздан кийин ал ойлонуп көрөйүн деп калды. Бирок арадан көп убакыт өтпөй кайрадан эле фирма кен казабыз деп барды,-«деди жергиликтүү тургун Р.Рыскулов.

Р.Рыскулов кошумчалагандай, бардык мамлекеттик кызматтар ал жерде кен казууга уруксат эмес деп корутунду чыгарып берсе дагы, аким фирма өкүлдөрүнө тымызын уруксат берип жатат.

Жергиликтүү элдин айтымында, Түлкү-Дөбө адырынын тегерегинде бир нече айыл жайгашкан. Мектеп, соц обьектилер жана эл суу ичкен дарыя бар. Ошондуктан адырды бузуп, таш чыгарууга таптакыр мүмкүн эмес.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Талант Кармыш уулунун айтымында, маселе эл тарапка чечилген. Экологиялык-техникалык инспекциясынын Исанов айыл өкмөтүндө жайгашкан Түлкү-Дөбө адырында кен казууга мүмкүн эмес деп чечими чыккан.