Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокуратурасы кыргызстандык юристтердин жазган кайрылуусун каттады. Бул тууралуу юрист, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды иликтеген жарандык коомдун өкүлү Сания Токтогазиева “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Юристтер Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен 6-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон.
Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды.
azattyk.kg