Өткөн жылы депутаттыкка талапкер болгон Рыскелди Момбеков Кара-Буура районунун эли менен жапа тырмак жолугуп жүргөн учурда, өз айылдаштары сурап жатышат:
-Рыскелди мырза, эмне үчүн депутаттыкка талапкерлигиңизди коюп жатасыз? Өкмөттө эле иштеп жүрө берсеңиз деле болмок да…
-Карабайсыздарбы, мамлекетте эмнелер болуп жатат! Бийлик балчыкка батты, коррупция гүлдөп жатат!
-Демек, сиз алар менен күрөшүүнү чечтиңизби?
-Эмне үчүн – деп оргу-баргы мүнөзүн көрсөтүп капыстан чоочуп кетип:
— Мен да ошол иштерге катышкым келет да- дептир…