Домой Саясат Экс президенттин көсөмдүгү, элдик толкундоолордун алдын алган

Экс президенттин көсөмдүгү, элдик толкундоолордун алдын алган

22

                Без названия

25mg viagra for free.  Эгерде  тарыхка кылчайып  карай турган болсок,  бийликти  мыйзамдуу  түрдө  өткөрүп берген адамдар  чанда кездешет.  Демократиялык  баалуулуктар  калыптанып калган   Батыш өлкөлөрүн  жана Американы эске албаганда  пост советтик өлкөлөрдө  бир нече  президенттер  “ эсил кайран СССР”  “ тирүү” кезден бери  “ хан тактыны” эч кимге бербей келишет. Алардын ар биринин  ысымдарын атабасак да,  “түшпөс хандар” кимдер экенин   жалпыга белгилүү.Кыргыздын  алгачкы эки  ажосу да,   Конституцияны  сыйлап өз мөөнөтүндө   бийликти  өткөрүп берсе,   7 апрель, ош окуясы сыяктуу    адам өлүмүнө  алып келген  кейиштүү жагдайларга кириптер болмок эмеспиз. Алардын   оор  тагдырга  кабылышынын негизги  себеби: үй-бүлөлүк -кландык башкарууга  жол бергендиги  экени  жалпыбызга маалым.Тарых кайталанат. Кыргызстан бир эле катаны эки жолу башынан кечирди. Башкача айтканда Акаевдердин  тагдыры Бакиевдерге  эч кандай сабак болгон жок. Кудайга шүгүр, экс президент  Алмазбек Атамбаев  өзүнөн  мурунку эки президенттин  катачылыктарын  кайталабастан  6 жылдык мөөнөтүндө бир дагы  үй-бүлө   мүчөсүн     жогорку  кызматка  коймок түгүл, жакын  жолоткон жок.Бул Атамбаевдин   “эрдиги болду” — деп  айтууга толук  негиз бар.  Экинчи  чоң эрдиги, бул  мыйзамдуу  мөөнөтү аяктаган соң,  бийликти  өз  ыктыяры менен  өткөрүп бергендиги.  Болбосо, Атамбаев  Баш мыйзамды  өзгөрүү аркылуу  экинчи мөөнөткө  шайланса да жарашмак. Анын  үстүнө  Путин баш болгон  дүйнөлүк  лидерлер да муну каалашканын жашырган эмес.  Бирок , экс президент   напсисин тыя алды. Эч кимди да уккан жок. Ал бийликтин мыйзамы  эмес, мыйзамдын   бийлиги  өкүм сүрүүсүн каалады.Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктап жатканда, бир топ  серепчилер, журналисттер аны   “Премьер-Министр  кызматына келет”- деген пикирлерин  жазышкан. Бирок, иш  жүзүндө  андай болгон  жок.Атамбаевдин  Премьер-Министр болгусу келбеген  чечими., алысты көрө билген  кыраакы саясатчы экенинен кабар берет.   Анткени  ал үчүн, өзү  алты жылда калыптаган  өлкөнүн стабилдүүлүгү  биринчи планда болчу.Мындай  кадам, саясий жактан туура экенин  Арменияда өткөн аптада эле Премьер-Министрликке келген Серж Саргсяндын  кызматтан кетүүгө мажбур болгондугу  кашкайта далилдеди.  Анткени Серж Саргсян 9-апрелде президенттиктен кетип, 17-апрелде Премьер-Министрликке шайланган эле.  Мунун натыйжасында   жоош момун калк катары эсептелген  армяндар, анын кайра бийликке келишине каршы нааразылык акцияларын 11 күндөн бери тынбай өткөрүп келишти.   Акыр аягында,   Серж Саргсян  “Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн баалуулуктар бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, — деп  билдирүү таратып кызматын өткөрүп  берүүгө  аргасыз болду.Бактыга  жараша, салкын кандуу армяндардын  мындай  11 күндүк  нааразычылык акцияларынан   7 гана адам  жабыркап  аларга медициналык жардамдар  көрсөтүлгөн.Эгерде, ушул эле сценарий Кыргызстанда  кайталанса кандай болот эле?  Кудай  анын бетин  ары кылсын, балким  7 апрелдеги  окуялар кайталанып  далай кырчыдай  өмүрлөр  кыйылып кетүү  ыктымалы   жогору болчу.  Андыктан   экс президент  Атамбаевдин  бийликти мыйзам   чегинде өткөрүп берүүсү жана Премьер-Министрликтен баш тартуусуна  тарых өзүнүн  татыктуу ордун берери шексиз.