Домой Саясат Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

23

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЭККМК тарабынан шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

“Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды”, – деп айтылат маалыматта.