Домой Тагдыр Экс-министр Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүү-Видео

Экс-министр Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүү-Видео

197

Ош шаарында бүгүн, мурунку  билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Иш-чара ал өзү бир топ жыл жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында өтүү.Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500гө чукулдады.  Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиевди, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевди, шаардык кеңештин депутаттары катышты.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/1042681042917417

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

1993-1997-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы «Нур» гезитинин башкы редактору болгон.

1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган. Ал ОшМУнун заманбап өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуу аркылуу билим-илим чөйрөсүнө реформатор ректор катары таанылды.

2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.

Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор болгон. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору.

экс-министрдин акыркы маеги