Домой Саясат Экс-депутат Жусубали Исаев: Баткендиктер, биз Сооронбай Жээнбековду бир добуштан шайлашыбыз керек!

Экс-депутат Жусубали Исаев: Баткендиктер, биз Сооронбай Жээнбековду бир добуштан шайлашыбыз керек!

40

I28A8683

Бир гана мисал келтирейин – эстеп көрөлүчү, 6 жыл мурда Баткен-Исфана-Кулунду жолунун абалы кандай эле? Жол жок калган, деп эскертти экс-депутат Жусубали Исаев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Баткен областынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал билдиргендей, жолдордун талкаланган абалынан улам бир айылдан экинчи айылга жетиш өтө кыйынга туруп калган. «Жолдор ушунчалык талкалангандыктан, жок болуп кеткен. Алмазбек Атамбаев президент болгондон кийин бул көйгөйлөрдүн баары чечилди. Алмазбек Шаршеновичтин мөөнөтү аяктап калды, эми мамлекетти башкарууну башка адамга өткөрүп бериш керек. Президент бир гана адам анын иштерин улантып кете турганына ишенээрин жана ал адам Сооронбай Жээнбеков экенин айтты. Ошондуктан эгерде мектептер, социалдык имараттар жана жолдор курулсун, ушул оң иштердин баары улантылсын деп кааласаңар, анда бир добуштан эң таза, кудайдан корккон, адилеттүү талапкер Сооронбай Жээнбековду колдошуңар керек. Силерге акча таратып, добуштарды сатып алабыз дегендерге алданбагыла, ишенбегиле!», — деп айтты Жусубали Исаев жана баткендиктерди өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деген принципти бекем карманган Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды. viagra for men hindi. I28A8620

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 26.09.2017 ж.