Домой Экономика Экономика жана кызматташтык: КМШ өлкөлөрү глобалдык турбуленттүүлүк шарттарында өнөктөштүктү бекемдешүүдө

Экономика жана кызматташтык: КМШ өлкөлөрү глобалдык турбуленттүүлүк шарттарында өнөктөштүктү бекемдешүүдө

15

Жакында эле Ленинград облусунда «Игора» комплексинде КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал жолугушуусу өттү. Мында мамлекет башчылар жыл жыйынтыгын чыгарышып, келечек пландарды талкуулап, эл аралык жана аймактык саясаттын маанилүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууга Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери келишкен. Кыргызстандын атынан мамлекет башчы Садыр Жапаров КМШ саммитинен тышкары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынына катышты. Анын сапары Пулково аэропортундагы жылуу кабыл алуудан башталды. Анда делегацияны Санкт-Петербург администрациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.


Тилекке каршы, жолугушуу учурунда кейиштүү окуя орун алып: Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Актаудагы авиакырсыкка байланыштуу Бакуга кайтууга мажбур болду. Саммит бул трагедиянын кесепетинен жакындары курман болгон үй-бүлөлөргө көңүл айтуу менен башталды.
Негизги талкуулардын алкагында Владимир Путин 2024-жылы Россия КМШ төрагасы катары экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соода тоскоолдуктарын алуу жана бажы жол-жоболорун жеңилдетүүгө күч-аракетин бурганын белгиледи. Анын айтымында, КМШ өлкөлөрү экстремизмге, чек арадагы кылмыштуулукка жана баңги аткезчилигине каршы күрөштө активдүү кызматташып келет. Ошондой эле эл аралык укуктардын негизинде адилеттүү дүйнөлүк тартипти куруу боюнча жалпы багыт баса белгиленип, КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык маселелерге бирдиктүү мамилеси, жалпы адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардын бар экендиги айтылды.
«Шериктештиктин катышуучулары негизги глобалдык жана аймактык көйгөйлөр боюнча жакын жана бирдей мамилелерди кармануусу маанилүү», — деди Россия мамлекет башчысы КМШ бейформал саммитинде.


Ошондой эле лидерлер инженердик мектептерди ачуу, санариптик технологияларды өнүктүрүү, «жашыл» энергетиканы киргизүүнү жана башка заманбап багыттарды талкуулашты. Мындан тышкары саммиттин күн тартибине сооданы жеңилдетүү маселелери – бажы тоскоолдуктарын жоюудан тартып товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүрүүсүнө чейинки суроолор кирген. Бул соода жүргүзүү жана биринчи кезекте Россияга экспорттоонун аркасында экономикасы жигердүү өнүгүп жатканы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү.
Кыргызстан Россиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. 2024-жылы эки өлкөнүн ортосунда экономикалык алакалардын чыңдалышы, өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү, биргелешкен энергетикалык, транспорттук инфраструктуралык жана айыл чарба долбоорлорунун ишке киргизилиши байкалды.

Мисалы, жылдын алгачкы тогуз айында Кыргызстанга тартылган россиялык инвестициялардын көлөмү $131,8 млн түзгөн. Муну менен Россия республикадагы экинчи ири инвесторго айланды. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода жүгүртүү $2,2 млрд жетип, анын ичинен $600 млн кыргыз экспортун түздү.
Кыргызстан үчүн Россия менен интеграция жана КМШ жана ЕАЭБ сыяктуу биримдиктердин алкагында катышуу стратегиялык мааниге ээ. Анткени ал негизинен экономиканын туруктуулугун жана өлкөнүн коопсуздугун аныктайт. Тарыхый байланыштар, жалпы маданий жана экономикалык кызыкчылыктар болгондуктан Россия Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп саналат. Россия менен кызматташуу ири базарларга гана жол ачпастан, эмгек миграциясы, энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү жааттарында колдоо берет. Глобалдык туруксуздук өсүп жаткан шарттарда Россия менен интеграцияны бекемдөө Кыргызстан үчүн экзистенциалдык маселеге айланууда. Себеби бул ага олуттуу эл аралык процесстердин бөлүгү бойдон калууга жана өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Бирок, эксперттердин пикиринде, ийгиликтүү интеграция КМШнын өзүнүн институт катары эволюциясынын шартында гана мүмкүн. Заманбап реалдуулукта КМШ чечимдерди кабыл алууда көбүрөөк ийкемдүүлүккө, ыкчамдыкка жана натыйжалуулукка умтулушу керек. КМШны кыйла динамикалуу жана келечектүү биримдикке айландыруу анын катышуучуларына, анын ичинде Кыргызстанга да өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын натыйжалуу ишке ашырууга жана глобалдык чакырыктарга биргелешип каршы турууга мүмкүндүк берет.

«КМШ өлкөлөрүн азыркы учурда лидерлер иштеп жаткан форматта бириктирүү Советтер Союзу кулагандан бери мураска калган белгилүү бир ритуалдык мүнөздү сактап калды. Алгач КМШ мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдү уюшкандыкта ажыратуу үчүн курал катары түзүлгөн. Бирок Путиндин администрациясы учурда бул түзүмгө жаңы жашоо берүүгө аракет кылууда. Ал КМШны башка формацияда – мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөр үчүн интеграциялык механизм катары колдонууну көздөйт. Азыр бул механизмди экономикалык, саясий жана маданий карым-катнаш жагынан толук кандуу кылуу аракети көрүлүүдө», — дейт саясат таануучу Марс Сариев.
Анын пикиринде, россиялык бийлик КМШнын концепциясын кайра карап чыгып, азыр аны толук кандуу орган кылуу аракетин көрүп жатат.
«Бирок бул канчалык ийгиликтүү болот деген суроо ачык бойдон калууда. Мындай масштабдуу механизмди жаңы багытта жайылтуу өтө татаал жана убакытты талап кылат. Андан тышкары, процесс Батыштын санкцияларына, экономикалык блокадага, Украинадагы жаңжалга, ошондой эле Азербайжандын учагынын кырсыкка учурашы сыяктуу акыркы окуяларга туш келди”, — дейт Сариев.