Акыркы кезде окууну толук аяктабай турмушка чыккан кыздардын саны арбын. Өзгөчө Араван районунда эрте турмушка чыккандардын жана көп аял алгандардын саны жогорулаганын депутат Искендер Гайпкулов Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын кезектеги жыйынында көмүскөдөгү көйгөй катары көтөрүп чыкты.
Анын айтымында аталган райондун жашоочулары кыздарын 9-калсстан кийин эле мектепке жиберүүнүн ордуна турмушка узатып коюшат.
“9-класстан кийин окугандар аз. Жаштардын билим деңгээли өтө төмөн. Ата-энелери кыздарын мектепке жиберишпейт. Дароо эле мейли экинчи же үчүнчү кылып турмушка беришет экен. Жергиликтүү чиновниктер ачык эле экинчи жана үчүнчү аялдыкка алып жатышат”,- деп билдирди эл өкүлү.
Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын жыйынында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы талкууга алынды.
Булак: kompromiss.kg