Мадумаров менен Бекназаров өздөрүн укмуш акылдуу сезип, “сен макоо, мен макоо, мен кыйын, сен кыйын” – деген сындуу далай кептерди айтышып бири- биринин айыбын айда чукушту. Салмактап, таразалап уккан кишиге Бекназаров Мадмаровдун жер сатуу, жер берүү боюнча мамлекетке кылган чыккынчылыгын ийнине жеткире айткандай болду. Мадумаров болсо Азикеӊиди жеткен кошоматчы катары сыпаттады. Бирок кандай болгон күндө да экөө теӊ таза эмес адамдар. Эчак булганып, ирип-чирип, капталдарын эчак каӊтарып жеп бүтүшкөн эргулдар. Экөөнүн атын укканда эл жерге түкүрөт. Ошондой болсо да экөө теӊ элге акыл айтканды энесинен жакшы көрүшөт десеӊ. Акыл айтып, эрдемсип турушпаса, буларга аба жетпей кетет. Кыргыз эли мындайлардан деги качан кутулат? Чынында Кыргызстандагы атка минерлердин көбүнүн деӊгээли Мадумаров менен Бекназаровдукунан ашпайт. Алардын баары ашмалтай, жегич, “даанышман”… анан кантип мамлекет оӊолот?..
Булак: Багыт