28-июнда коррупцияга шектелип кылмыш иши козголгон “Ата-Мекен” лидери Ө. Текебаев менен анын партиялашы, экс-элчи Д. Чотоновдун иши боюнча сот процесси кайрадан уланды. Бул жолу да Текебаев менен Маевскийдин ортосунда ортомчу болгон Россия жараны А. Модиндин көрсөтмө берүүсү улантылды.
А. Модин “Мегаком” компаниясын алып берүү убадасы менен Ө. Текебаев Л. Маевскийден 1 млн. долларды эки транш менен алганын, кандай сүйлөшүүлөр жүргөнүн толугу менен айтып берди. Андан тышкары ошол убакта Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп отурган Ө. Текебаевдин кабинетин да көргөздү.
Мына ушундан кийин эле Текебаевге караштуу “Сентябрь” телеканалы “Модин Атамбаевдин кабинетин көрсөттү” деп ызы-чуу салып жатып калды. Ага “Ата-Мекен” партиясынын башка мүчөлөрү да кошулуп алды. Бирок, чындыгында Модин өз көрсөтмөсүндө ошол убакта Текебаев отурган кабинетти көргөзгөн. Бүгүнкү күндө ал кабинетте биринчи вице-премьер-министр М. Абулгазиев отурат. Бул бүгүнкү күндөгү өтө чоң кабинет 2010-жылы экиге бөлүнүп турган. Анын биринде ал кезде УБнын төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев отурса, экинчисинде УБнын төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев отурган. Ортосунда кабылдама бар болчу.
solixine without a script. Ал эми 2011-жылы Өмүрбек Бабанов ошол эки кабинетти бириктирип, өзүнө өтө кенен кабинет жасаткан. Демек, мурда А. Атамбаев менен Ө. Текебаев отурган эки кабинет бир кабинетке айланып калган. Муну Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Ренат Түлөбердиев да тастыктайт. “Бул кабинет мурда 2 бөлмө болгон. Ортосунда дубал турган. Бир жагында Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Атамбаев Алмазбек Шаршенович олтурса, бир жагында Убактылуу өкмөттүн орун басары Өмүрбек Текебаев иштеген. 2010-жылдын декабрь айында Президенттин иш башкармалыгынын буйрутмасы менен оңдоо иштери жүрүп, ортодогу дубал алынган. Ошентип 307-кабинетте ремонт иштери жүргөн. Андыктан оң жагында 307-кабинет, сол жагында 306-кабинет болгон”, — дейт ал.
Демек, Модин “ата мекенчилер” айткандай адашпай эле Текебаевдин ошол убакта отурган кабинетин көрсөтүп аткан болобу? Болгону аны “атамекенчилер”, “Сентябрь” телеканалы атайылап бурмалап, коомчулуктун башын чаташтырууга өтүүдө.
28-июндагы сот процессинде да Ө. Текебаев өзү жана анын төрт адвокаты, Д. Чотонов баары жабылып А. Модиндин берген көрсөтмөлөрүн чаташтырууга аракет жасашты. Көбүнесе каралып аткан ишке таптакыр тиешеси жок эле суроолорду берип да үлгүрүштү. Айтор, торго түшүп, туйлап турган балыктын кебетесин көрсөтүшүүдө. Азырынча “тор” суунун ичинде. Ал кургакка чыгып калганда кандай болот экен?